Балдардагы шилекей агуу
Likes: 48
Reports:0
.png)

2384
Гиперсаливация - бул ар кандай себептерден улам ооздон шилекейдин эрксиз агып чыгышы. Балдарда шилекей агуу көптөгөн себептерден улам болушу мүмкүн. Кээде ал узак убакытка созулуп, ыңгайсыздыкка алып келиши ыктымал.
Ошол себептүү бул макалада мен сиздерге жаш балдардын шилекей агуусун чакырган эң негизги факторлор тууралуу сөз кылып бермекчимин.
1. Булчуңдарды көзөмөлдөй албоо
Жаңы төрөлгөн ымыркайларда жана сүт эмген балдарда шилекей агуу көп кездешет, анткени алар шилекейдин чыгуусун башкарууну үйрөнө элек болот. Баланын 4-5-6 айында булчуңдарын көзөмөлдөөсү жакшыра баштайт дагы, аккан шилекей адатта азаят же токтойт. Ал эми кээ бир балдарда бул процесс 2 жашка чейин уланат, эң башкысы убакыт өткөн сайын шилекей агуу азая бериш керек. Эгер андай болбой жатса, анда бул патология деп эсептелет.
2. Тиштин чыгышы
Эмчек эмген ымыркайларда тиштер чыга баштаганда ка...