Ашыкча салмак, семирүү менен дүйнө калкынын жарымынан көбү жабыркап келет.
Мурда семиз адамдарды тасмалардан эле көрсөк, азыр ар бир үйдөн кезиктиребиз. Бул нерсе туура эмес тамактануудан жана кыймылдын жоктугунан. Анткени азыр жөнөкөй эле күнүмдүк иштерди адамдардын ордуна техникалар аткарып калды.
Жадакалса, дүкөнгө да транспорт менен барып калдык. Мунун баары семиздикке алып келет. Семиздик, анын кооптуулугу, андан арылуу жолдору менен өз тажрыйбамды мисал келтирип тааныштырайын.