Азыркы биздин жашоодо стресс,эмоционалдык чарчоодон качуу өтө кыйын. Ар бир үчүнчү адам өнөкөт чарчоо синдрому менен жабыркап келет.
Алар өзүн эч нерсеге жараксыз жана алсыз сезүүсү мүмкүн. Өтө чарчаган киши жумушуна дитин коюп аткарбай калат, шыктануусу жоголот жана эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Окумуштуулар чарчоо кшинин эмоциялык абалына жана ден соолугуна да таасир этерин аныкташкан.
“Кайгырып уктасаң, ооруп ойгоносуң” демекчи, жашооңуздар мааниси жок, кызыксыз өтүп жатса, чарчап эч нерсеге көңүлүңүз жок, уйкуңуз канбай калса, дароо ойлонуңуз, бул дагы олуттуу оору болуп калышы
мүмкүн.
“Жылмайып уктап, бактылуу болуп ойгонуу” өз колуңузда, урматтуу окурман. Бул макалада өнөкөт чарчоо эмнеден пайда болот, чарчоону кантип жок кылуу керек деген сыяктуу суроолорго жооп ала аласыздар.