Ич катуу менен күрөшүү
Ич катуу менен бардык курактагы адамдар жабыркайт. Бирок бир нече күндөн кийин өзү айыгат деп көңүл бурбайт. Өзү айыгышы мүмкүн, ошол эле убакта башка олуттуу маселелер да жаралганын адам сезбей калат. Көбүнчө жаш балдардын ич катуусу коркунучтуу. Бул макалада ич катуунун себептери, белгилери жана аны жеңүүнүн жолдорун карап чыгабыз.
Ич катуу - бул заң чыгаруунун (дефекация) кыйындашы же адаттагыдан сейрек заң чыгаруу. Бул көп кездешкен көйгөй. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында жыл сайын 2,5 миллионго жакын адам ич катуу менен дарыгерге кайрылышат.