Байыркы замандарда подагра оорусу менен көбүн эсе эл башкарган султандар, императорлор менен падышалар ооруган экен.
Мындан улам, бул илдетти эл арасында “падышалардын оорусу” деп аташкан.
Майлуу, зыяндуу тамактар менен ченеми жок азыктанган, аз кыймылдаган журт башчыларынын арасында подагра менен ооругандар көп болгонун тарых да тастыктайт.
Алардын катарында 1509-1547 жылдары Англияны башкарган Генрих VIII подагранын азабын кыйла тартканы тууралуу илимий булактарда да, адабий чыгармаларда да кенен айтылат.
Подагра - белгилүү топтогу адамдардын арасында эң көп таралган артриттин бир түрү, башкача айтканда сезгенүү муун оорусу.
Бул илдет барган сайын кулачын кенен жайып, ага кабылгандардын саны өсүп барат.
Изилдөөлөргө таянсак, акыркы 15-20 жыл аралагында АКШ менен Улуу Британияда эле подагра диагнозу менен ооруканага жаткырылгандардын саны 50-100% пайызга көбөйгөн.