Жировой гепатоз болгон адамда кандай белгилер пайда болот?
Likes: 129
Reports:0
6676
Көпчүлүк учурда боордун май басуусу адамга эч кандай белги бербейт, качан гана боор талкаланып, иштеп чыга баштаганда гана ар кандай симптомдор байкала баштайт.
Симптомдордун пайда болуусу боордун абалына жараша байкалат.
1. Эң алгач боорду май баса баштаганда адам эч нерсени сезбейт жана боору май басып жатканын да байкабайт. Анализдер аркылуу да, УЗИ аркылуу да билүү өтө татаал болот. Бирок май басуу процесси башталган болот.
2. Стеатогепатит - бул абалда боордо сезгенүү процесси башталат.
Анализдер жана башка диагностикалык ыкмалар аркылуу кээ бир белгилерин байкаса болот. Бул баскычта адамдын териси өзгөрүп, денесине ар кандай нерселер чыгып, кээ бир учурларда боор тарабы ооруп баштайт. Боорду ушул стадияда колго алып, өтө мыкты көзөмөлдөбөсө, кийинки баскычтарда ага кам көрүү кеч болуп калат.
3. Бул этапта өлгөн гепатоциттер акырындан катып баштайт, мындай абал&...