Боорубузду сактайлы!
Likes: 142
Reports:0
6240
Боор - биздин организмдеги эң көп функцияны аткарган өтө маанилүү органдардын бири болуп эсептелет.
Боор оорулары көпчүлүк учурда адамга билинбеген абалда пайда болгондуктан, көп адамдар боорун сактоого жетишпей калат.
Боор жакшы жүрсө, бардык орган системалар жакшы жүрөт, адамдын ден соолугу мыкты болот.
Акыркы кезде Кыргызстанда боор оорулары менен жабыркап жаткан адамдардын саны өтө көбөйүп кетти. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда боорго тиешелүү оорулар менен жабыркагандардын саны миллиондон ашык. Анын ичинен эң көп таралгандары боордун май басуусу жана вирустук гепатиттер.
Ошол себептен, кыргызстандыктардын өтө керектүү болгон боор аттуу органын сактоого салым кошуу максатында өзүмдүн автордук "Боорубузду сактайлы" аттуу курсумду негиздедим. Бул курсумда боорго тиешелүү бардык оорулар тууралуу, боорго пайдалуу азык заттар жөнүндө, боорго тиешелүү анализдер, дары-дарымектер жана гепатиттердин бардык түрлөрү...