Мен кандай оору менен күрөш жүргүздүм?
Likes: 170
Reports:0
6242
Мен күрөшүп жеңген оору менен көп адам жабыркаса да, тилекке каршы ал илдетке аябай көңүл кош мамиле жасашат. Ачыгын айтканда, бул оорунун айынан Кыргызстанда эле канчалаган адамдар өмүрү менен кош айтышууда.
Бул ооруга ар бир адам өтө олуттуу мамиле жасап күрөшпөсө, жыйынтыгы өтө өкүнүчтүү болот. Врач катары бул коркунучтуу илдеттин кесепеттерин билип, өз убагында аны жеңүүгө болгон күчүмдү жумшадым.
Бул илдет адам үчүн маанилүү болгон "боор" аттуу уникалдуу органдын оорусу.
Дагы да тактап айтсам, мен жабыркаган оору "боордун май басуусу" деп аталат. Көпчүлүк аны "жировой гепатоз" деген аталышынан тааныйт.
1. Ал эми далилденген медицинада бул оору "Liver steatosis" деп аталат. Жировой гепатоз менен ар бир экинчи кыргыз ооруйт. Жөнөкөй тил менен айтканда, эл ичине кенен тараган оору.
Мен дагы&...