Ашыкча салмактан арылууга алгачкы кадам!
Likes: 226
Reports:0
14143
Жашырып менен болобу, ашыкча салмак менен жабыркаган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Алардын айрымдары диета менен арыктайм деп аракет кылса, башкалары "шарлатандардын" ар түрдүү таблеткалары менен салмак таштоого үмүт кылышат. Туура тамактануу менен өзүн чектегендер бир-эки ай майлуу, зыяндуу тамактардан баш тартып, бирок, убактыттын өтүшү менен кайра эле баягы кейпин кийип, семирип кетишет. Ортодо толук адамдардын көйгөйүн пайдаланып, ар кандай дары, БАК менен диеталарын саткан бизнесмендер эле пайда көрүүдө.
Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар "боордун функциясын жакшыртуу" арыктоо үчүн эң маанилүү жана эффективдүү нерсе экенин билишпейт.
Бул макалада боордун айынан адам арыктоонун ордуна семирип кетээрин баяндап берем.
Ашыкча салмак менен жабыркаган адамдардын 100% боорунда маселеси бар. Алар суу ичсе деле семире беришет.