Иммунитетти чыңдоодо боордун таасири
Likes: 172
Reports:0
7678
Боор организмдеги эң көп уникалдуу функцияларды аткарган органдардын бири болуп эсептелет. Биздин иммунитетибиздин начарлоосу да ушул боордун начар абалга келүүсүнөн келип чыгат.
Өзүңүздөр байкагандай, акыркы учурда "иммунитетим түшүп кетти" деген адамдарды өтө көп кездештирип калдык. Кичинекей жел урса дагы адамдар ооруп кала турган болду. Мунун бирден-бир себеби - адамдардын боорунун начар иштөөсү.
Кандайча?
Биздин уникалдуу боорубуздун hepatic lobula деп аталган алты бурчтуу бөлүкчөсүндө Купфер аттуу клеткалар жайгашкан. Бул клеткалар организмге терс таасир берүүчү заттарды өлтүрө турган эң негизги жана чоң клеткалар болуп эсептелет.
Бул клеткаларды 1876-жылы Карл Купфер аттуу окумуштуу боордон тапкан. 1896-жылы көп жылдык изилдөөнүн натыйжасында Тадеуш Брович аттуу окумуштуу бул клеткалар иммунитетке жооп берүүчү эң маанилүү клеткалар экенин аныктаган.