СУДОРОГИ ТУУРАЛУУ ЧЫНДЫК
Калчылдоо (судороги) - бул жаш балдар арасында кездешүүчү убактылуу болуп өткөн неврологиялык симптомдордун топтому. Мындай абал ммэдеги электрдик активдүүлүктүн көп болуп кетүүсүнөн улам пайда болот. Кээ бир адамдарда өтө байкалуучу симптомдор менен коштолсо, кээ бирлерде билинбей да өтүшү мүмкүн.
Калчылдоо учурунда адам:
-эс учун жоготот;
-денелериндеги булчуңдар башкаруусуз иштеп баштайт;
-денедеги сезимталдуулугун жоготот.
Мындай абалдын пайда болуусуна мээдеги нейрондук активдүүлүктүн туура эмес иштөөсү себеп болот.
Калчылдоо ар бир ата-эне корккон симптомдордун катарына кирет. Себеби баланын судороги болуусу ата-эне үчүн өтө коопту көрүнүп баласын жоготуп алчудай сезимдер келет. Ошол себептүү калчылдоону өз убагында аныктап туура дарылабаса чын эле коопту абалдарды пайда кылат. Бул вебинардан сиз калчылдоого тиешелүү өтө керектүү жана пайдалуу маалыматтарды үйрөнө аласыз.
Эгер сиз калчылдоого каршы дарылоо албасаңыз ал нерсе сизди комага түшүрүп, өлүмгө да дуушар кылат. Калчылдоо менен ооругандардын эрте өлүмгө кабылуусу 3 эсе жогору болот, ошондуктан калчылдоону алдын алуу өтө маанилүү.
Адам калчылдоонун айынан психикалык жактан да жабыркап, депрессияга да кабылып биполярдык патологиялык абалдарга кабылат.
Ар бир адам улутуна карбай, генине карабай, жашына карабай судорогиге кабылып бул дүйнө менен кош айтышып кетүү коркунучу бар. Ошол себептүү ар бирибиз бул оорудан сактануунун жолдорун жанан калчылдоодон туура кутулуу жолдорун билүүбүз милдет.
Бул вебинарды көргөн адам өзүнө эле эмес, калчылдоо учурунда башка адамдарга да жардам берүү ыкмаларын үйрөнө алат. Вебинарды бүгүн сатып алып, калчылдоо тууралуу чындыкты билиңиз.