ЛЯМБЛИОЗДОН КУТУЛАБЫЗ
Лямблиоз - бул адамдын ичке ичеги карынына түшкөн лямблия паразити себептүү пайда болгон оору. Бул оору өтө көп адамда кездешкендиктен өз убагында аныктап дарылоо иштерин жүргүзүү өтө маанилүү.
Эгер бул ооруну дарылабай көңүл кош мамиле жасап жүрсөңүз анда кийинки коркунучтуу абалдарга кабыласыз:
1. Лактозанын сиңимсиздиги
Жыйынтыгында адам сүт азыктарын такыр колдоно албай калат, колдонсо эле ичи түйүлүп, ооруп, денелерине ар нерсе чыгып өкүнүчтүү абалга кабылат. Бул абалдын пайда болуусуна лямблиянын ичеги карынды талкалоосу себеп болот.
2. Өнөкөт диареянын пайда болуусу.
Адам ар дайым ичи өтүп, тез тез заңдап, кыйналып салмак кошо албай, организмдеги суунун деңгээли азайып, алсырап, эч нерсе кылгысы келбей оор абалга кабылат. Кээде кайра кайра ич өтүүдөн аналдык тешикче да жабыркап ичеги карындардын айрылуусу да кездешет.
3. Реинфекция
Бул абал лямблиозду өз убагында дарылабай жүргөн адамдарда кездешет. Жыйынтыгында адам кайра кайра лямблиоз менен ооруй берет, такыр айыга албай калат, анысы аз келгенсип башкаларга да жуктурат.
4. Лямблиоздун дарыларга пайда болгон туруктуулугу.
Бул абалда адам үчүн өтө коопту абал, эгер мындай туруктуулук пайда болуп калса анда дары да пайда бербей калат. Мындай туруктуулук көпчүлүк учурда дарылоо иштери туура эмес жүргүзүлгөндүктөн улам пайда болот.
5. Мальобсорбция синдрому
Бул синдром өтө оор синдромдордун катарына кирет. Бул абалда адамдын ичеги карыны талкаланып, тамак - аш аркылуу кирген азык-заттарды ичеги карын сиңирбей, адам оор абалга кабылат.
6. Витаминдердин жетишсиздигинин пайда болуусу.
Лямблия ичеги карындын сиңирүү функциясын начарлатып салгандыктан организмге витаминдер сиңбей баштайт, жыйынтыгында адамга витамин жетишпей түрдүү ооруларга кабылат.
7. Аутоиммундуу оорулардын күчөөсү же пайда болуусу.
Лямблиоз чакырган эң коркунучтуу оорулар мына ушул аутоиммундуу оорулар болот. Аларга:
-крапивница,
-артралгия,
афтоздук ооздун оюулуусу, -реактивдүү артрит ж.б. оорулар кирет.
Ошол себептүү адам бул ооруга көңүл кош мамиле жасабай өз убагында аныктап өз убагында дарыланышы керек. Айрыкча жаш балдардагы лямблиозду толук кандуу дарылоого туура келет.
Эгер бул ооруну алдын алуу жолдорун, эффективдүү дарылоо жолдорун далилденген медицинанын негизинде билгиңиз келсе анда мен сизге өзүмдүн автордук "Лямблиоздон кутулуу" вебинарымды көрүүнү сунуштайм. Бул вебинар сиз үчүн жана сиздин балаңыз үчүн өтө маанилүү.
Вебинарга лямблиоз оорусу жок адамдарда катышса көп пайда алышат. Себеби адам бул ооруну алдын албаса бардык учурда лямблиоз менен ооруп калуу ыктымалдуулугу бар.
Вебинар врачтарга, медик-студенттерге, сабаттуулукка умтулган ата - энелерге арналат.