КОКЛЮШ ТУУРАЛУУ ЧЫНДЫК
Коклюш же көк жөтөл - бул B. Pertussis аттуу инфекция себептүү пайда болгон кеңири таралган оору.
Бул инфекция жаш балдарда өтө көп кездешет. Жаш балдарда приступ сыяктуу жөтөлдү чакырып баланын абалын начарлатат. Биздин өлкөдө кеңири тарлаган ооруларга кирет.
Жылдан жылга бул оорунун саны өсүп жатат. Эң өкүнүчтүүсү бул оору өз убагында диагностика кылынбай көп жаш балдар жөтөлдөн кыйналышууда. Эгер сиздин балаңыздын жөтөлү эки жумадан ашык болуп жатса сөзсүз бул вебинарды көрүүнү сунуштайм. Себеби коклюш оорусун канчалык тез дарылап баштаса ошончолук жакшы болот
Коклюш 6 айга чейинки балдар үчүн өтө коркунучтуу болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда аларда апноэ, оор пневмония жана энцефалопатия пайда кылып бул дүйнө менен кош айтышуусуна себепчи болот. Бул оору башка курактагы балдар үчүн да коопту.