БАЛАНЫН ИММУНИТЕТИН ЧЫҢДОО
Жаш балдар жаңы өсүп келе жаткандыктан алардын иммунитет системасы толук жетилбеген болот. Ошондуктан жаш балдар түрдүү ооруларга кабылып, чоңойгонго чейин оорушат.
Бирок ата - эне баласынын төрөлгөнүнөн баштап анын иммунитетине туура кам көрө турган болсо, ойду келди химиялык препараттарды ичирбесе, мультивитаминдерди бербесе баланын иммунитети мыкты болот.
Ар бир ата - эненин милдети өсүп келе жаткан баланын иммунитетин талкалабай тескерисинче мыкты деңгээлде өсүүсүнө шарт түзүү керек. Балага көбүрөөк көңүл буруп, реалдуу түрдө анын иммунитети үчүн пайдалуу иштерди жасоо керек.
Канчалык баланын иммунитети мыкты болсо кандай гана оору болбосун ал ооруну жеңил өткөрөт. Ошол себептүү балаңыздын ден соолугу үчүн, анын иммунитети мыкты болуусу үчүн ушул "Баланын иммунитетин чыңдоо" вебинарын көрүүнү сунуштайм. Мен сизге 1 саат 30 мүнөттүн ичинде төмөнкү суроолорго идеалдуу форматта далилденген медицинанын негизинде жооп берем:
1.Жаш балдардын иммунитетинин өзгөчөлүгү эмнеде?
2. Жер - жемиштер баланын иммунитетине кандай таасир берет?
3. Майлуу балык баланын иммунитетине кандай жардам берет?
4. Мөмө - жемиштер баланын иммунитетине кандай таасир берет?
5. Витаминдердин иммунитет үчүн мааниси кандай?
6. Уйку чын эле иммунитетке таасир береби?
7. Гигиена нормаларын балага үйрөтүү иммунитетке чын эле пайдалуубу?
8. Физикалык активдүүлүктүн баланын иммунитетине тийгизген пайдасы барбы?
9. Тамеки баланын иммунитетине кандай таасир берет?
10. Сахар баланын иммунитетин чын эле талкалайбы?
11. Баланы стресс кылбоо кандай пайдаларды берет?
12. Вакциналар баланын иммунитетин талкалайбы же тескерисинче пайдалуубу?
Бул суроолорго жооп алган соң сиз балаңыздын иммунитетине туура кам көрүп жыйынтыгында балаңыз дени сак абалда жашап, түрдүү ооруларды оңой эле жеңип баштайт. Вебинар бардык топтогу адамдар үчүн сунушталат.