Ич өткөктүн түрлөрү
Likes: 0
Reports:0
21
Нурай Белекова, гастроэнтеролог
Чоңдордогу ич өткөк
Ич өткөк, айрыкча жаш балдар арасында көп кездешүүчү кооптуу оорулардын бири. Адам баласы эмне үчүн ич өткөк илдетине кабылат жана жаш балдарда эмне үчүн бул оору көп кездешет? Оору эмнеси менен кооптуу? Ушул өңдүү бир катар суроолорго жооп берүү максатында төмөнкү макаланы даярдоону туура көрдүм
Ич өткөк (диарея) – тез-тез суюк заңдоо. Ал өз алдынча оору болбостон, көптөгөн патологиялык процесстердин белгиси катары пайда болуп, организмден уулуу заттарды, оору пайда кылуучу микроорганизмдерди, чирик продуктуларды ж.б. бөлүп чыгарып, организмдин коргонуу реакциясы болуп саналат. Ич өтүүдө суюк заң кээде өзү гана байкалса, айрым учурда жүрөк айлануу, кусуу, ичтин оорушу же болбосо арыктоо сыяктуу белгилер менен коштолот. Оору, адатта, кыска мөөнөттүү болуп, бир канча күнгө гана созулат. Бирок качан 1 жумага чейин токтобосо, бул ичеги дүүлүгүү синдрому же болбосо андан дагы олуттуу саналган целиакия же ичеги сезгенүү ооруларына алып келет [1]...