Гастрит оорусунда диета кармоо аябай маанилүүбү?
Likes: 238
Reports:0
10188
Менден көп катталуучулар "гастритте диета карма деп жатат, чын эле диета кармоо маанилүүбү?" деген суроо узатышат. Бул суроого жооп берүү максатында макала жазууну туура көрдүм.
Макалага киришүүдөн мурда гастрит оорусуна жалпы мүнөздөмө берип өтөйүн.
Гастрит - бул ашказан чел кабыгынын сезгенүүсү менен мүнөздөлгөн оору. Сезгенүү курч же өнөкөт формада болушу мүмкүн. Курч гастрит күтүлбөгөн жерден пайда болот жана адатта кыска мөөнөттө өтүп кетет, бирок ашказанды өтө катуу оорутат. Ал эми өнөкөт гастрит узак убакыт бою сакталат жана оору өтө катуу болбойт.
Гастрит эмне себептен пайда болот?
Гастрит ар кандай факторлордон улам пайда болот, анын ичинде гастритти эң көп шарттаган факторлорго төмөнк...