ВиваБон тууралуу чындык
Likes: 139
Reports:0
.png)

5898
Дарыканаларда сатылып жаткан жаш балдардын витаминдерин көпчүлүк натыйжалуу жана коопсуз деп ойлойт экен. Бирок далилденген медицинанын принциптеринин негизинде карай турган болсок, тескерисинче, алардын пайдасынан зыяны көп болуп чыга келет.
Жаш балдарга пайдасы жок, популярдуу витаминдердин бири ВиваБон. Бул макалада сиздерге дал ушул препарат тууралуу бар чындыкты айтып берейин деп чечтим.
Доктор, ВиваБон клиникалык изилдөөдөн өткөрүлгөнбү?
ВиваБондун курамына көңүл бура турган болсок, таасир берүүчү заттар төмөнкүлөр:
- Финик пальмасы 120 мг;
- Дарылык эмблика 70 мг;
- Кышкы алча 25 мг;
- Узун калемпир 10 мг;
- Азия центелласы 25 мг;
- Амомум шиловидный 10 мг;
- Имбирь 20 мг;
- Пажитник греческий 20 мг;
- Василек 20 мг.