ОРГАНИЗИМДЕГИ СУУНУН ЖЕТИШСИЗДИГИ ОЛУТТУУ ООРУ ЧАКЫРАТ
Адам күнүнө 1,5-3 литр суу ичүүсү керек деген сөздү көп укканыбыз менен, жашообузда бул эрежени колдоно бербейбиз. Организмдеги суунун жетишсиздигинен келип чыккан оорулардын себебин башкадан издеп, кырдаалды курчутуп алабыз. Мына ошол суюктуктун физикалык нормадан төмөн болуусу эмнеге алып барат? Аны кантип байкаса болот? Белгилери, аныктамасы жана дарылоо жолдорун жөнөкөй тил менен бул макалада баяндайбыз.
Суусуздануу же дегидратация деген эмне?
Суусуздануу - бул суунун ашыкча жетишсиздигинен пайда болгон абал. Эгер сиз күн сайын организмде сарпталып жаткан суюктуктун ордун толуктабасаңыз, суусузданууга кабыласыз. Суусуздануу ар бир адамда болушу мүмкүн, бирок ал жаш балдар жана улгайган адамдар үчүн өзгөчө кооптуу.
Организмдеги суу кандай учурда сарпталат?
Жаш балдардын организминин суусузданышынын эң кеңири тараган себеби – кусуу жана катуу ич өткөк болуп эсептелет. Адатта, улгайган адамдардын организминде табигый түрдө суюктук аз болот. Ага кошумча, алар ден соолугунун абалына жараша суусуздануу коркунучун жогорулаткан дары-дармектерди кабыл алышы мүмкүн. Бул өпкөгө жана табарсыкка таасир эткен инфекциялар сыяктуу ооруулар дагы улгайган адамдарда суусузданууну шарттайт дегенди билдирет.
Андан тышкары, эгер сиз аптаптуу ысыкта же өзгөчө спорт менен машыккан учурда жеткиликтүү суу ичпесеңиз, да бул абалга туш болушуңуз мүмкүн. Көбүнчө жеңил жана орточо суусузданууну көбүрөөк суу ичүү менен өз алдынча жеңүүгө болот, бирок өтүшүп кеткен оор дегидратация медициналык дарылоону талап кылат.