КУРГАК УЧУК КОРОНАВИРУСТАН КОРКУНУЧТУУБУ?
Коронавирустан көпчүлүгүбүз коркуп, пандемия маалындагы жоготууларды, кинодогудай коркунучтуу учурларды эстегенде жүрөгүбүз опкоолжуп кетет. Бирок жугуштуу оорулардын ичинен өлүм деңгээли боюнча экинчи орунда турган кургак учуктан негедир корпойбуз. Ооба, кургак учук эбак эле ВИЧти артта калтырып, дүйнөдөгү эң коркунучтуу, жаш-карыны аябаган каардуу илдет болуп саналат. 2022-жылы кургак учук дүйнө жүзү боюнча 1,3 миллион адамдын (анын ичинде ВИЧ инфекциясын жуктурган 167 000 адам) өмүрүн алган. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы. Ал эми статистикага илинбей, оорусу көзөмөлгө алынбай, кургак учуктан каза тапкандар алда канча көп болсо керек.
Ошол эле 2022-жылы кургак учук менен ооругандардын саны дүйнө жүзү боюнча 10,6 миллион адамды түзгөн, анын ичинде 5,8 миллион эркектер, 3,5 миллион аялдар жана 1,3 миллион балдар. Кургак учук менен ооругандар бардык өлкөлөрдө бар жана бул оору менен бардык курактагы адамдар жабыркашат. (1)
Бул ооруга кабылып калганыңызды сиз башында билбей калышыңыз мүмкүн, себеби ал сасык тумоо өңдүү белгилер менен башталат. Бирок сасык тумоо сыяктуу сизден оңою менен кетип калбайт, жылдар бою организмден чыкпай, жашырынышы мүмкүн. Ушунусу менен кургак учук коронавирустан да кооптуу жана коркунучтуу болуп эсептелет.