КАТАРАКТА СОКУРДУККА АЛЫП КЕЛЕБИ?
Биз адамдар, эч качан өлбөчүдөй, эч качан оорубачудай жашайбыз.
“Аркы ооруп калыптыр, берки узап кетиптир” дегенде укканда, “ии байкуш” деп өзүбүзгө тиешеси жоктой кабыл алып коймоюбуз бар. Чынында бул макала ар бирибизге тиешелүү, анткени ар бирибизде экиден көз бар. “Сактансаң, сактайм” дейт экен Жараткан, андыктан биринчи кезекте сактануу үчүн катаракта деп аталган кеңири таралган көз оорусу менен таанышып алыңыздар.
Экинчиден, башкалар менен бөлүшүп, алардын да дени сак болуусуна себепчи болуңуз! Катаракта сокурдукка алып келеби?
Табигый көздүн линзасы жарыктын тунук өтүшүн камсыз кылган кристаллдык зат. Катаракта - бул көздүн тунук линзасынын тунаруусу, ал дүйнө жүзү боюнча сокурдуктун негизги себеби болуп саналат. Катаракта, адатта, улгайган адамдарда кездешет, бирок кээде жаштарда, ал тургай жаңы төрөлгөн ымыркайларда да аныкталат. (1)
Көпчүлүк учурда кырктын кырынан ашкан адамдарда көз линзасынын тунуктугунун жоголушу байкалып, көрүүсү начарлап баштайт. Хирургиялык дарылоодогу жетишкендиктерге карабастан, жаш куракка байланыштуу катаракта клиникалык жактан маанилүү бойдон калууда. Дүйнө жүзү боюнча көрүүнүн начарлашы менен сокурдуктун 51% катарактанын себебинен экени аныкталган.