РАМАЗАН АЙЫНА ДЕН СООЛУКТУ ДАЯРДА
Рамазан айы мусулман адам үчүн өзгөчө айлардан болуп эсептелет. Бул айда ар бир адам көп ибадат кылып, пайдалуу иштерди аткарып, ден соолугун жан дүйнөсүн чыңдоону каалайт.
Бирок бул нерселерди ишке ашырууда үчүн эң негизги нерселердин бири болгон - бул ден соолук.
Рамазан айында канчалык туура тамактансаныз, канчалык уктоо нормаларын жакшы сактасаңыз, организмге керектүү витаминдерди ичип турсаңыз сиз үчүн өзгөчө пайдасын тийгизет.
Бул вебинарда кийинки маалыматтарга ээ болосуз:
1. Орозонун медициналык пайдалары
Эгер сиз орозонун медициналык пайдаларын канча көп билсеңиз бул айды уникалдуу деңгээлде өткөрүүгө аракет жасайсыз. Бул вебинардан өмүрү укпаган орозонун пайдаларын уга аласыз.
2. Орозо учурундагы организмди талкалоочу эң көп каталар
Көп адамдар орозо учурунда түрдүү ден соолукка зыян берүүчү иштерди жасап алып жыйынтыгында орозо учурунда кыйналышат. Бул вебинардан эң көп таралган каталар тууралуу биле аласыз.
3. Орозо учурундагы тамактануу нормалары
Орозо учурунда туура тамактануу ар бир мусулман үчүн өтө маанилүү иштерден болуп эсептелет. Эгер сиз бул вебинарды көрө турган болсоңуз доктор тарабынан түзүлгөн уникалдуу ооз ачуу жана ооз жабуу менюсуна ээ болосуз.
4.Орозо учурундагы уктоо нормалары
Эгер орозо учурунда кантип уктоонун нормаларын билбесеңиз анда бул айды уктап жүрүп эле өткөрүп жибересиз. Ошондуктан бул вебинарды сатып алып уникалдуу уктоо нормаларын үйрөнүп алыңыз.
5.Орозо учурунда кандай витаминдерди колдонуу керек?
Орозо учурунда адам баласы кээ бир витаминдердин жетишсиздиги себептүү кадимкидей алсырайт. Ошондуктан орозо учурунда иче турган атайын витаминдер бар. Ал витаминдерди ичип ден соолугуңузду бекемдей аласыз.
6. Кимдерге орозо кармаганга болбойт?
Негизи бул тема өнөкөт оорусу бар ар бир адамга эң керектүү темалардан болуп эсептелет. Доктор вебинарда абсолюттук түрдө кимдерге орозо кармабаш керек экенин айтып өткөн. Ошондой эле кандай оору менен ооругандар врачтын көзөмөлүндө орозо кармаш керек экенин айткан.
Уникалдуу вебинарды сатып алып Ыйык Рамазан айын уникалдуу деңгээлде өткөрүүгө аракет жасаңыз!