ЧАЧ ТҮШҮҮДӨН КУТУЛАБЫЗ
Чач түшүү - дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар туш болгон патологиялык абал. Ооба нормада деле адамдын чачы түшүп турат, бирок кээ бир адамдарда өтө эле ашыкча түшүп жада калса таз болуп калганга чейин алып барат.
Чачтын түшүүсү сырткы көрүнүшкө гана эмес, адамдын өзүн-өзү сыйлоого, коомдук жерлерде өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө жана ал тургай жашоодогу ийгиликтерге жетүүдө да түрдүү тоскоолдуктарды жаратат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, эркектердин 60% жана аялдардын 50% 50 жашка чейин чачтын түшүүсүнүн кандайдыр бир түрүн баштан өткөрүшөт.
Бирок, тилекке каршы көпчүлүк адамдар чачтын түшүүсүн жок кылууга аракет деле кылбай таз баш болуп жүрүүгө ыраазы болуп кала беришет. Албетте бул туура эмес. Себеби чач бул калыбына келе турган жана өсө турган нерсе, ошол себептүү чачка туура кам көрүп, организмди бекемдеп чачтын идеалдуу өсүүсүнө ар бир адам өзү жардам бериш керек.
Чынын айтканда адамдын чачы - бул анын сулуулугу, ооба эркектер таз болуп жүрө бериши мүмкүн бирок аялдарды таз баш элестетүү мүмкүн эмес. Дагы бир маани берүүчү нерсе чач жөнү жок эле түшө бербейт, чач түшүү бул адамдын кайсы бир жери ооруп жатканынан кабар берет. Бул бекер макалада кандай ооруларда чач түшөрүн кенен талкуу кылабыз.
Анда сөзүбүздү уланталы...
Чачтын түшүүсү менен жабыркаган адамдардын көпчүлүгүнүн жүрөгүн өйкөгөн нерсе бул чачы эмне себептен түшүп жатканын билүү болуп эсептелет. Мага да өтө көп эркектер, аялдар чачым аябай түшүп жатат эмне себептен мындай болуп жатат деп көп суроо беришет. Ошол себептүү бул макалада мен сиздерге чачтын түшүү себептерине кененирээк токтолуп кетким келди.
Алгач макалага киришүүдөн мурун кыскача өзүм жөнүндө айта кетейин, менин атым Бекжан өзүм жалпы практикалык врачмын. Ошол себептүү адамдардын тырмагынан баштап чачынын учуна чейин тиешелүү болгон ооруларды далилденген, коркунучсуз жана эффективдүү ыкмалардын жардамы менен айыктырууга аракет кылып келем. Менин максатым адамдардын өзүнүн ден соолугуна болгон сүйүүсүн күчөтүп, ден соолукка болгон кайдыгерликти жок кылып, дени сак кыргыз улутун медициналык сабаттуулуктун жардамы менен түптөө. Өзүм тууралуу айта бергенди жактыра бербейм, айтсам да сөз өтө көп, ошол себептүү мен тууралуу жана менин билимим тууралуу төмөнкү сүрөттөн көрүп алсаңыз болот.
Анда сиз менен чогу бул макаладагы эң маанилүү болгон чач түшүүнүн себептерине киришели!
Негизи чач түшүүнүн себептери өтө көп, бирок мен бул макалада сизге чач түшүүгө эң көп таасир берген факторлор тууралуу кенен сөз кылып бергим келип турат. Себеби мен билем сиз чач түшүүнүн себептерин өтө кенен жана терең билгиңиз келет. Ошол себептүү мен сизге эң каймактуу маалыматтарды жөнөкөй көчө тилинде идеалдуу кылып баяндап берүүгө аракет жасайм.
Көптөгөн медициналык изилдөөлөрдө чачтын түшүүсүнө көптөгөн себептер бар экени тастыкталган. Анын ичинде генетикалык, гормоналдык, жалпы ден-соолук маселелерине тиешелүү себептер жана айлана-чөйрөнүн адам ден соолугуна тийгизген факторлордон улам чач түшөрү байкалаган. Анда бул аспектердин ар бирине кененирээк токтолуп өтөлү.
1. Генетикалык себептер
Ооба кээ бир адамдар генетикалык себептерден улам тез эле чачы түшүп таз болуп калат. Мындай абал аялдарда да кездешет жана эркектерде да кездешет, медицинада мындай чач түшүүнү андрогенетикалык алопеция (AGA) деп атап коет.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул оору генетикалык жактан гормондордун иши бузулганынан улам пайда болот. 2005-жылдагы молекулярдык изилдөөдө 20-хромосомадагы ген андрогенетикалык алопециянын пайда болуп күчөп кетүү ыктымалдуулугуна таасир этээри аныкталган. Дагы бир 2017- жылы жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөдө адамдын генетикасы чач түшүүдө негизги ролду ойной турганын далилдеген. Бирок адам так анализ тапшырып өз абалын аныктамайынча менин чачым генден түшүп жатат деп оозун ачып жүрө бербеш керек. Себеби чач түшүүнүн бары эле генден боло бербейт.
Эң башкысы мен сизге өзүмдүн автордук "Чач түшүүдөн кутулабыз" аттуу вебинарда ушул генетикалык абалдан кантип идеалдуу абалда кутулуп кетүү ыкмаларын баяндайм. Эгер адам өз ден соолугуна туура кам көрсө генетикалык оорулар да билинбей өтөрү талашсыз нерсе.
2. Гормоналдык себептер
Гормондор чачтын өсүшү үчүн жана чачтын түшүшү үчүн маанилүү ролду ойнойт. Дигидротестостерон гормону азайып кеткенде эркектин чачы түшүп таз башка айланып баштайт. Ал эми аялдардын чачынын өзгөчө көп түшүүсү жана абалынын начарлап кетүүсү көпчүлүк учурда эстродиол гормонунан көз каранды болот. Чач түшүүдөн кутулуу вебинарында гормондорду жөнгө салуучу ыкмалар менен, препарттар менен, витаминдер менен кенен таанышабыз.
3. Ден соолукка байланыштуу оорулары
Кээ бир учурда адамдын организминдеги патологиялык абалдар да чачтын интенсивдүү түшүүсүн шарттайт. Көпчүлүк учурда чач түшүүнү чакырган ооруларга төмөнкүлөр кирет:
-аз кандуулук,
-аутоиммундук оорулар,
-тери инфекциялары,
-аллергиялык оорулар,
-кээ бир элементтердин жетишсиздиги,
-стресс жана
-туура эмес тамактануу ж.б. оорулар адамдын чачынын түшүүсүн шарттайт.
Эгер сизде бул оорулар бар болсо сөзсүз түрдө аныктоо керек. Мен вебинарда сизге керектүү болгон анализдердин тизмесин идеалдуу кылып даярдап берем. Мына ошол анализдерди "Инвитро" лабораториясына тапшырып жогоруда айтып кеткен оорулар барбы же жокпу так билип аласыз. Эгер бул ооруларды аныктабай жүрө берсеңиз анда чач түшүүнү токтотуу мүмкүн эмес. Ошол себептүү сиз үчүн эң кеерктүү болгон анализдердин тизмесин алуу үчүн бул вебинарга сөзсүз катышыңыз. Катышуу үчүн жөн гана төмөнкү шилтемеге кирип жеке номер калтыруу жетиштүү.
ВЕБИНАРГА КАТЫШУУ
4. Курчап турган чөйрө
Чачтын ашыкча түшүүсүнө бизди курчап турган айлана-чөйрө да таасир этиши мүмкүн. Чачка химиялык заттар, радиация жана абанын булгануусу сыяктуу факторлор таасир берип анын жыйынтыгында адамдын таз болуп калышын шарттайт. Өзүңүздөр билгендей бизде аба өтө көп булганып жактандыктан чачтарыбызга да өтө терс таасирин тийгизүүдө.
5. Иммундук системанын бузулушу
Адамдын чачынын түшүү себептеринин бири иммундук системанын бузулушу болуп эсептелет. Мындай учурда иммундук клеткалар жаңылыш түрдө чач фолликулаларына чабуул жасап, чачтын түшүшүнө алып келет. Мындай патологиялык абал көпчүлүк учурда аянтында айкын көрүнүп турат. Бул процесстин механизми дагы эле изилденип жатканына карабастан, ал иммундук дисрегуляция менен байланыштуу экени белгилүү болгон.
Мен сизге автордук вебинарымда иммунитетти бекемдөө ыкмаларын да айтып өтөм. Реалдуу түрдө иммунитетке пайда берүүчү витаминдерди, препараттарды ичип чачыңыздын түшүүсүн токтотуп, абалын жакшырта аласыз. Себеби көпчүлүк учурда иммунитет кээ бир элементтердин жетишсиздигинен жабыркап, алсырайт.Иммунитетти бекемдеп, ошону менен бирге чачыңыздын абалын жакшыртуу үчүн жөн гана төмөнкү шилтемеге кирип жеке номер калтырып кетиңиз.
ВЕБИНАРГА КАТЫШУУ
6. Жаш өтүү себептүү чачтын түшүүсү
Таз болуп калуу көбүнчө карылык процессине байланыштуу да болот. Чач жашыбыз өткөн сайын жукарып, азаят. Бул процесс табигый жана бардык адамдарга таасир эткени менен, айрымдар үчүн көбүрөөк байкалышы мүмкүн. Бирок адам өз ден соолугуна туура кам көрсө, организмдеги витаминдердин, минералдардын деңгээлин толуктап турса, чачына сапаттуу гигиеналык каражаттарды колдонсо карыганда да башкаларга салыштырмалуу чачынын абалы жакшы болот. Сиз карыганда чачыңыз идеалдуу абалда жүрүүсүн камсыздоо үчүн атайын вебинарга кары-картаңдардын чачына кам көрүү ыкмаларын да баяндап кеттим.
7. Кош бойлуу болгондон кийин чачтын түшүшү
Көпчүлүк аялдар кош бойлуу болгондон кийин чачтары күүлүп түшүп баштайт. Бул абал гормоналдык баланстын өзгөрүшүнө жана денедеги стресске байланыштуу болот. Бул процесс, адатта организми алсыз, анемия менен ооруган, чачына туура кам көрүүнү билбеген аялдарда көп кездешет. Көпчүлүк аялдар кош бойлуу учурунда ден соолукка зыяндуу болгон шампунь, гелдерди колдонуп алып абалын андан бетер начарлатышат. Ошол себептүү бул вебинарда кош бойлуу аялдарга жана бала эмизген аялдардын чачына кам көрүү ыкмаларын өзүнчө баяндадым.
Кош бойлуу убакта жана бала эмизип жаткан учурда чачыңыздын абалын жакшыртууну кааласаңыз жөн гана төмөнкү шилтемеге кирип жеке номер калтырып кетиңиз.
ВЕБИНАРГА КАТЫШУУ
8. Калкан сымал бездин оорулары
Гипотиреоз же гипертиреоз сыяктуу калкан безинин оорулары да чачтын түшүшүнө көп себеп болот. Себеби калкан бези организмдеги көптөгөн процесстерди, анын ичинде чачтын өсүшүн жөнгө салуучу гормондорду иштеп чыгат. Ошол себептүү чачы көп түшүп жаткан адам бул бездин бөлүп чыгарган гормондорун лабораториялык анализдин жардамы менен текшерип, абалды көзөмөлгө алыш керек. Мен сизге вебинарда жазып бере турган анализдердин ичинде ушул калкан безинин анализдери да камтылган.
9. Дары-дармектер жана чачтын түшүшү
Кээ бир дары-дармектер чачка терс таасирин берип чачтын түшүшүнө алып келет. Мындай дарыларга көпчүлүк учурда антидепрессанттар, бета-блокаторлор жана антикоагулянттардын айрым түрлөрү кирет. Ошондой эле химиотерапия катары колдонулган препараттар да чачтын түшүүсүн шарттап, абалды начарлатат.
Бирок кээ бир учурда андай дарыларды да ичпей коюуга же колдонбой коюуга да болбойт. Ошол себептүү мындай дарыларды колдонуп жатканда чачка терс таасирин азайтуу үчүн атайын ыкмалар бар, алар тууралуу мен сизге вебинарда кененирээк айтып берем.
10. Витаминдердин жетишсиздиги
Кээ бир витаминдердин жана минералдардын, анын ичинде темир, цинк, биотин жана D витамининин жетишсиздиги чачтын түшүшүнө алып келет. Биздин өлкөдө чачыңы жакшы деп билермандан ар кандай витаминдерди сата бериштет, бирок жогоруда санап өткөн витаминдердин сапаттууларын табуу биздин өлкөдө кыйын эле. Бирок мен сиздерге автордук вебинарымда чачка эң эффективдүү таасир берген витаминдер тууралуу кенен сөз кылып өтөм.
Кыскасын айтканда бул вебинарда эркек болосузбу, аял болосузбу, картаң болосузбу же жаш болосузбу чачыңызга тиешелүү эң маанилүү жана далилденген маалыматтарды биле аласыз. Ошол себептү бул вебинарды ар бир чачы бар адам көрүүсүн баса белгилеп сунуштайм.
ВЕБИНАРГА КАТЫШУУ
Бул вебинардын өзгөчөлүгү эмнеде?
1. Вебинар далилденген медицинанын негизинде түзүлгөн;
2.Вебинарда айтылган бардык маалыматтар клиникалык изилдөөлөр менен тастыкталган;
3.Вебинарды бир жолу сатып алган соң өмүр бою сизде калат;
4.Вебинарда жаш балдардын чачынан баштап кары - картаңдардын чачына чейин сөз кылынат;
5.Вебинарда чачка пайдалуу шампуньдар тууралуу маалымат берилет;
6. Вебинарда чачтын абалын жакшыртуучу сапаттуу витаминдер жөнүндө маалымат берилет;
7. Вебинар бардык курактагы адамдар үчүн ылайыкталып даярдалган;
8.Вебинарга катышкан адам атайын телгеграм аркылуу жабык группага кошулат.
Вебинарга катышып чачыңыздын көркүнө дагы да көрк кошууну кааласаңыз жөн гана төмөнкү шилтемеге кирип жеке номер калтырып кетиңиз. Сиз менен менеджерлер байланышат.