Тоналдык кремдер тууралуу чындык
Likes: 384
Reports:0
15251
Таза, тунук тери бир гана генетиканын натыйжасы деп ойлойсузбу?
Албетте жок. Тескерисинче, териге туура кам көрүү таза, тунук бет терисинин негизги себеби болуп эсептелет. Бирок азыркы тапта көпчүлүк аялзаты бетин тоналдык кремдердин жардамы менен сулуулоого умтулушат. Ошол себептен мен сиздерге тоналдык кремдер тууралуу уникалдуу макала жазууну туура көрдүм.
Тоналдык крем - теринин көрүнүшүн жакшыртуу, кызаруусун кетирүү, пигментация жана безетки сыяктуу кемчиликтерди жашыруу үчүн колдонулган косметикалык каражат. Бирок сапаттуу жана териге туура келген тоналдык кремди тандоо айрым айымдар үчүн өтө кыйын. Анткени, ар бир адамдын териге кам көрүү муктаждыктары бар. Бирок, бул макалада сиздерге идеалдуу форматта тоналдык крем тандоо жолдорун үйрөтөм.
Анда кеттик!
Тоналдык кремди сатып алардан мурда бет териңиз кандай түргө кирээрин аныктаңыз. Эгерде, териңиз майлуу же безеткиге жакын болсо, тешик...