Беттеги тактар чын эле ракка айланабы?
Likes: 165
Reports:0
12251
Менден "теринин гиперпигментациясы тери рагына алып келиши мүмкүнбү?" деп бейтаптар көп сурашат. Ошол себептен, бул макаланы жооп иретинде жазууну туура көрдүм.
Теринин гиперпигментациясы эң кеңири таралган косметикалык көйгөйлөрдүн бири жана көптөгөн адамдар андан арылууну каалашат.
Гиперпигментация менен байланышкан негизги коркунучтардын бири теринин рак оорусу болуп саналат. Бул илдет гиперпигментацияга кабылган териде меланиндин ашыкча болуусуна байланыштуу. Меланиндин ашыкча болуусу күндүн нурларынан табигый коргонуу катары кызмат кылат. Бирок, ага карабастан териге көп жолу ультрафиолет нурлалары тийсе, ал тери клеткаларынын ДНКсын бузуп, акыры рактын өнүгүшүнө алып келет.
Гиперпигментация жана тери рагынын коркунучун далилдеген көптөгөн клиникалык изилдөөлөр бар. Тери рагынын өнүгүүсүндөгү негизги факторлордун бири теринин ультрафиолет нурлануусунун көбөйүшү. Ал эми гиперпигментация теринин рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатат.