Виагра тууралуу чындык
Likes: 105
Reports:0
9217
Көп эркектер "Виагра" деп аталган дарыны жакшы билишет, айрыкча 40 жаштан өтүп калгандар бул препарат менен достошуп да келишет. Албетте, эркектер бул таблетканы жыргаганынан колдонбойт, тескерисинче, аялынын алдында өзүн чыныгы эркек сезүү үчүн кабыл алат.
Бул дары убактылуу гана эркекти эркектей кылганы менен, ден соолукка андай деле пайдасын тийгизе бербейт. Ошол себептен, бул макалада дал ушул препарат тууралуу сиздерге кенен айтып берүүнү туура көрдүм.
Макала менен башкаларга бөлүшүүнү унутпаңыз!
"Виагра" деген эмне?
Бул препараттын таасир берүүчү заты "силденофил" деп аталат. Дүйнө жүзүнө өтө кеңири таралган препараттардын катарын толуктайт. Бул препарат эркектердеги эректилдик дисфункция же импотенция деп аталган ооруларда колдонулат. Revatio деген аталыш менен чыгарылган силденофил өпкө артерияларынын гипертензиясында жана эркектер менен аялдардын жумушка болгон активдүүлүгүн жакшыртуу үчүн колдо...