"Метронидазол" тууралуу чындык
Likes: 204
Reports:1
15133
Бул кандай дары?
Бул дарынын таасир берүүчү заты: Метронидазол
Оригиналдуу аталышы: Flagyl
"Метронидазол" антибиотиктерге кирет. Бул дары көпчүлүк учурда ашказандагы, жыныс органдарындагы, теридеги, муундардагы, баштагы, жүрөктөгү, өпкөдөгү бактерияларды жана паразиттерди жок кылуу үчүн колдонулат.
Бирок, бул антибиотикти грипп, тумоо жана башка вирустар шарттаган ооруларда колдонуу эч кандай пайда бербейт.
Бейтапка эскертүү!
Бул дарыны врач рецептте көрсөткөндөй так дозада жана өз убагында ичүү сунушталат. Препараттын суюк түрүн ичүүдө дарынын ичине салынган дозаторду колдонуңуз. Ашкана кашыгын колдонууга болбойт.
Эгерде уколун колдоно турган болсоңуз, анда сизге медайым кан тамырыңыз аркылуу саят. Бул дарынын инъекциялык түрү таблеткасын иче албагандарга гана сунушталат.<...