MEDLIT
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
RUKGEN
Get the app
  • Home
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
РусскийКыргызчаEnglish
Get the app — free
MedLit›Articles

Подагра деген эмне?

MedLit medical team updated 30.06.2026 4 min read
Подагра деген эмне?

Байыркы замандарда подагра оорусу менен көбүн эсе эл башкарган султандар, императорлор менен падышалар ооруган экен. Мындан улам бул илдетти эл арасында “падышалардын оорусу” деп аташкан. Майлуу, зыяндуу тамактар менен ченеми жок азыктанган, аз кыймылдаган журт башчыларынын арасында подагра менен ооругандар көп болгонун тарых да тастыктайт. Алардын катарында 1509-1547 жылдары Англияны башкарган Генрих VIII подагранын азабын кыйла тартканы тууралуу илимий булактарда да, адабий чыгармаларда да кенен айтылат. (1)

Подагра - белгилүү топтогу адамдардын арасында эң көп таралган артриттин бир түрү, башкача айтканда, муундун сезгенүү оорусу. Бул илдет барган сайын кулачын кенен жайып, ага кабылгандардын саны өсүп барат. Изилдөөлөргө таянсак, акыркы 15-20 жыл аралагында АКШ менен Улуу Британияда эле подагра диагнозу менен ооруканага жаткандардын саны 50-100% пайызга көбөйгөн. (2)

Эгерде мурунку замандарда бул оору менен көбүн эсе хандар менен императорлор ооруган болсо, бүгүнкү күндө подаграга кадимки програмисттер, айдоочулар, кеңсе кызматкерлери ж.б. кабылышат. Жыл өткөн сайын подагра жашарып да барат, бейтаптардын орточо курагы 30 жашты түзүп, аз кыймылдуу жашоо образын кечирген, зыяндуу, калориялуу азыктар менен тамактанган адамдар жабыр тартышат.

Подагра эмнеден улам пайда болот?

Подагранын пайда болушунун эң негизги себеби - урат кристаллдарынын муундарда топтолуусу. Алар өз кезегинде сезгенүүнү жана катуу ооруну шарттайт.  Урат кристаллдары кандагы заара кычкылынын деңгээли жогору болгондо пайда болот. Заара кычкылы организмде пуриндердин көбөйүшүнөн улам пайда болот. Биздин организм мына ушундай татаал жана уникалдуу.

Пуриндер ошондой эле кээ бир тамак-аштарда, анын ичинде кызыл этте жана боор сыяктуу ички азыктарда кездешет. Пуринге бай деңиз азыктарына анчоус, сардиналар, мидиялар, форель жана тунец кирет. Алкоголдук ичимдиктер, өзгөчө сыра жана жемиш шекери (фруктоза) менен ширин суусундуктар да заара кычкылынын деңгээлин жогорулатат.

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

Адатта, заара кычкылы канда эрип, бөйрөк аркылуу заарага кошулат. Бирок кээде организм заара кычкылын өтө көп өндүрөт же бөйрөктөр аны өтө аз бөлүп чыгарат. Мындай болгондо заара кычкылы чогулуп, муундарда же анын тегерегиндеги ткандарда курч, ийне сымал урат кристаллдарын жаратып, ооруну, сезгенүүнү жана шишикти пайда кылат.(3)

Подагра оорусунун пайда болуу себептери жогорудагылар менен эле чектелбейт. Ар бир адамда пайда болушу ар кандай факторлордон улам болот. Менде бул көйгөй жок деп кам санабасаңыз жаңылышасыз. Анткени подагра ар бир адамда пайда болуп калышы да ыктымал. Ошондуктан подагра оорусуна кеңири токтолуп атайын гайд даярдадым. Бул гайд:

Подаграны пайда кылган башка себептер

Тукум кууйбу?

Эмне үчүн эркектер көп ооруйт?

Кайсы дарылар подаграны пайда кылат?

Подагранын симптомдору

Подаграны айыктырса болобу?

Подаграга каршы натыйжалуу дарылар жана башка маселелерди камтыйт.

Эгер аталган оору менен жабыркап жатсаңыз, же болбосо алдын алууну ойлонсоңуз, анда гайд сиз үчүн. Бул гайд сиздерге подаградан айыгууга жардам берет. Ден соолугуңуз үчүн арзыбаган каражат сарптап оорудан кутулсаңыз болот. Гайдды алуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:



 

 


MedLit: Урматуу катталуучу, «Дени сак жашоого кадам» уникалдуу курсуна жазылуу башталды! Шашылыңыз! Курстун программасындагы ден соолугуңузга пайда бере турган, медициналык сабаттуулугуңузду жогорулата турган уникалдуу маалыматтарга ээ болуп, өмүр бою колдоносуз.

Колдонулган булактар:

Henry VIII of England, Death & Successor, https://www.worldhistory.org/1-18637/viii/

Russell, M. et al. Rising incidence of acute hospital admissions due to gout. J. Rheumatol. 47, 619–623 (2020), https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/31523046/

Gout, Causes? https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/gout/symptoms-causes/syc-20372897

Gout, and What to do About It, Who can get gout? https://www.aafp.org/pubs/afp/issues/1999/0401/p1810.html#:~:text=You%20may%20get%20gout%20if,drugs%20used%20to%20treat%20cancer

Gout Symptoms, Symptoms, https://www.webmd.com/arthritis/understanding-gout-symptoms

Patients with gout can be cured in primary care, https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/25603588/

Epidemiology, risk factors, and lifestyle modifications for gout, Cardiovascular disease, https://arthritisresearch.biomedcentral.com/articles/10.1186/ar1907#:~:text=Modifiable%20risk%20factors%20for%20gout,manifestations%20of%20gout%20become%20apparent

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.

MedLit medical teamWritten and checked by MedLit doctors, based on evidence-based medicine. About

Read next

Орозо учурунда баш ооруса эмне кылыш керек? МРТ менен КТ жөн эле бизнесби? Денем ачышып ооруп, мойнум уюп, кыйналып жатам эмне кылышым керек? Уктайын деп жатканда буттун кыймылдап кетүүсү эмнеден кабар берет? Тиш кычыратуу тууралуу чындык Бут эмнеге уктап калат?
Read and ask a doctor in the MedLit app Open
MEDLIT

Your whole family's health in one app: medical records, lab results, food check and doctors online.

App Store Google Play

The app

  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Download

Company

  • About us
  • Health articles
  • WhatsApp

Legal

  • Terms of service
  • Privacy policy
  • Delete account
© 2026 Medical Educational Platform “Medlit” LLC, Bishkek Not for emergencies — call 103 (or your local emergency number).