MEDLIT
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
RUKGEN
Get the app
  • Home
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
РусскийКыргызчаEnglish
Get the app — free
MedLit›Articles

Кырсыктан үй-бүлөнү сактоо эрежелери

updated 12.05.2026 4 min read
Dr. Bekzhan Turabekov
AuthorDr. Bekzhan Turabekov

General practitioner, clinical nutritionist, neuropsychologist. Founder of MedLit.

  • 5+ years of practice
  • 15,000+ patients completed an in-depth health review
  • 7,000+ patients under ongoing care
Education and training

Kyrgyz State Medical Academy; Medipol (Turkey); Stanford University; Johns Hopkins; University of Colorado; Cape Town University Clinic; Dokma, university of evidence-based medicine; internship at The View clinic (Doha, Qatar).

InstagramYouTubeTelegram
Кырсыктан үй-бүлөнү сактоо эрежелери

Үйүңүздү табигый кырсыкка даярдоо, коопсуздукту сактоого жана үйүңүзгө келтирилген зыянды азайтууга жардам берет. Даярдануудан мурда сизге таасир этиши мүмкүн болгон кырсыктардын түрлөрүн карап көрүңүз, андан соң даярдануу үчүн эң ылайыктуу кадамдарды аткара аласыз.

 

Бул жерде үйүңүздү жана үй-бүлөңүздү кырсыктан алдын ала сактоо үчүн бир нече кеңештер бар:

 

- Үзгүлтүксүз техникалык тейлөө. Мисалы, үйүңүздүн жанындагы кооптуу бактарды кыйыңыз, арыктарды тазалаңыз жана дренаждарды ачыңыз;

- Морлор, суу жылыткычтар жана чоң эмеректерди текшериңиз;

- Негизги биринчи жардамды үйрөнүңүз;

- Электр энергиясын, сууну жана газды өчүрүүнү үйрөнүңүз;

- Үйүңүздү жана ичиндеги буюмдарыңызды камсыздандырыңыз (страховка).

 

Кырсыкка чейин эле:

 

- Сырткы эмеректерди, оюнчуктарды, таштанды челектерин жана бакча жабдууларын үйгө жылдырыңыз;

- Жердеги батуттар, кайыктар ж.б короодогу нерселерди жаап же коргоңуз;

- Эшик-терезелерди бекитиңиз. Эгерде сиз бороон-чапкындан жапа чеккен аймактарда жашасаңыз, жалюзилерди карап коюңуз;

- Эмеректерди жана тиричилик техникасын бийик жерге жылдырыңыз;

- Кум каптарын, шлангдарды, брезенттерди же башка нерселерди сатып алып коюңуз;

- Машинага май куюп жүрүңүз, эвакуация керек болсо, дароо жүрүп кеткенге; 

- Улгайган же майып кошуналарды, үй-бүлөнү, досторду текшериңиз;

- Балаңыздын кийимине же колуна өз ысмыңызды жазыңыз, ар тарапка кетип калуу коркунучу болсо;

- Радио же сыналгыдан жаңыртууларды текшериңиз. Жергиликтүү бийликтен ар кандай шашылыш маалыматка көңүл буруңуз;

- Ыйгарым укуктуу тез жардам агенттиктеринин мобилдик телефонунун эскертүүлөрүнө жазылыңыз;

- Тез жардам аптечкаңызды табыңыз жана керектүү кийим, бут кийим жана дары-дармек сыяктуу башка буюмдарыңыз бар экенин текшериңиз.

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

 

Кырсык учурунда жана андан кийин эмне кылуу керек?

 

Үй-бүлөңүздү, үйүңүздү жана коопсуздугуңузду коргоого алуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо керек болот.

 

Кырсык учурунда:

 

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүн аткарыңыз, өзгөчө эвакуациялоо учурунда;

- Эгер сиз үйүңүздөн чыгып кетишиңиз керек болсо, кырсык болгон аймактан тышкары тааныган бирөөңүзгө "үйүңүздөн чыгып кетүүнү" пландап жатканыңызды айтыңыз;

- Эгерде сиз үйдө отурсаңыз, терезелерден, эшиктерден жана жарык берүүчү терезелерден алыс болуңуз;

- Жер төлөгө же бышык эмеректин астына жашыныңыз;

- Бийик жерге көчүңүз;

- Электр кубаты өчүп калса, розеткага сайыла турган бардык приборлорду өчүрүңүз;

- Тамак-аштын бузулуп кетүү коркунучун азайтуу үчүн муздаткыч менен тоңдургучтун эшиктерин жабык кармаңыз;

- Суу менен камсыздооңуз жоголуп кетиши мүмкүн деп ойлосоңуз, раковиналарды, ванналарды жана чакаларды суу менен алдын ала толтуруңуз;

- Жаңыртууларды жана кеңештерди алуу үчүн радио же сыналгыны угууну токтотпоңуз.

 

Кырсыктан кийин:

 

- Тынчтыкты сактаңыз;

- Өмүргө коркунуч туудурган чукул кырдаал болбосо, телефонуңузду колдонбоңуз;

- Жаңыртууларды же нускамаларды текшерүү үчүн радио, сыналгы же телефонду колдонуңуз;

- Коомдук коопсуздук кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарыңыз;

- Үйүңүздү жана үйдүн айланасын, анын ичинде электр жарыгына, газ суусуна жана канализацияга болгон зыянды текшериңиз. Эгерде газ чыгып жатканын байкасаңыз, дароо кабарлаңыз;

- Үйүңүздүн чатыры, морлору, дубалдары, пайдубалдары жана башка негизги түзүлүштөрүнүн бузулгандыгын текшериңиз;

- Тез жардам унаалары үчүн көчөлөрдү таза кармаңыз. Айдооңуз керек болсо, электр зымдарынын кулап кетишинен, селден, бороон-чапкындан жана башка коркунучтардан сак болуңуз;

- Жардамга муктаж болгон кошуналарыңыздан жана айланаңыздагы башка адамдардан кабар алыңыз.

 

Кырсык айттырбай келет. Айрыкча азыркы учурда, өзүңүздөр дагы күбө болуп отурасыздар. Ошол себептен урматтуу катталуучулар, кайдыгер карабай, алдын ала эрежелер менен таанышып, өзүңүзгө сак болуңуз!

 

Сизге бекем ден соолук жана бейпил жашоо каалап,

сиздин
 


Колдонулган булактар:
  

1.National Institutes of Health (NIH). Disaster Preparedness Tips. Available at: https://ors.od.nih.gov/ser/dem/emergencyPrep/Pages/Disaster-Preparedness-Tips.aspx. [Accessed March 18, 2022].

2.Are You Ready? An In-Depth Guide to Citizen Preparedness. September 2020. Available at: https://www.ready.gov/sites/default/files/2021-11/are-you-ready-guide.pdf. [Accessed March 18, 2022].

3.Build A Kit. February 15, 2022. Available at: https://www.ready.gov/kit. [Accessed March 18, 2022].

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.

Read next

Preparing for natural disasters Кырсыкка даярдануу керекпи?
Read and ask a doctor in the MedLit app Open
MEDLIT

Your whole family's health in one app: medical records, lab results, food check and doctors online.

App Store Google Play

The app

  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Download

Company

  • About us
  • Health articles
  • WhatsApp

Legal

  • Terms of service
  • Privacy policy
  • Delete account
© 2026 Medical Educational Platform “Medlit” LLC, Bishkek Not for emergencies — call 103 (or your local emergency number).