MEDLIT
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
RUKGEN
Get the app
  • Home
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
РусскийКыргызчаEnglish
Get the app — free
MedLit›Articles

Кырсыкка даярдануу керекпи?

updated 06.11.2026 3 min read
Dr. Bekzhan Turabekov
AuthorDr. Bekzhan Turabekov

General practitioner, clinical nutritionist, neuropsychologist. Founder of MedLit.

  • 5+ years of practice
  • 15,000+ patients completed an in-depth health review
  • 7,000+ patients under ongoing care
Education and training

Kyrgyz State Medical Academy; Medipol (Turkey); Stanford University; Johns Hopkins; University of Colorado; Cape Town University Clinic; Dokma, university of evidence-based medicine; internship at The View clinic (Doha, Qatar).

InstagramYouTubeTelegram
Кырсыкка даярдануу керекпи?

"Сактыкта - кордук жок" демекчи, ооба, ар бир адам кырсыкка даяр болгону жакшы. Бул макала үй-бүлө башчыларына эле эмес, ар бир кыргыз жаранына пайдалуу болот деп ишенем.

Кудай сактасын, бирок кырсык болуп кетсе, алгачкы медициналык жардам канча убакытта келерин азыр айта албайбыз. Ошондуктан, алдын ала бир канча күнгө жете тургандай негизги комплектти даярдап койгон жакшы. 
 

Күтүү учурунда электр жарыгына, сууга, газга, дааратканага жетүү же интернетке кирүү мүмкүн эмес экенин унутпаңыз. Ошондой эле жалпы телефон байланышы дагы үзүлүп калуусу ыктымал.

Кырсык үчүн керектүү каражаттарды аба жана суу өткөрбөй турган идиштерге салып, салкын, кургак жерге коюңуз. Маал-маалы менен карап, эскиргендерин алмаштырып туруңуз

 

Негизги Тез жардам комплекти төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- Тез бузулбаган азыктар. Үй-бүлөңүзгө үч-төрт күн жете тургандай тез бузулбаган азыктарды даярдап коюңуз. Бышыруу же муздак кармоо керек болбогон азыктарды тандаганыңыз жакшы.  
 

Тамак-аш мисалдары:

 

- Жемиштер, жашылчалар, балык жана эт консервалары (консерва ачкычты унутпаңыз);

- Кургатылган жемиштер;

- Жержаңгак майы;

- Дандар же гранола;

- Башка жогорку энергиялуу тамактар;

- Керек болсо, балдар тамак-ашы жана кургак сүт;

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

- Көп убакыт сакталчу кургак сүт;

- Керек болсо, үй жаныбарларынын азыгы;

- Суу - ичүү жана санитария үчүн күнүнө бир кишиге кеминде бир галлон (төрт литр);

- Биринчи жардам аптечкасы;

- Фонарь, жарык;

- Батарея менен иштөөчү көчмө радио;

- Батареялар, повербенк;

- Беткаптар, бактерияга каршы салфеткалар жана колду тазалоочу каражат;

- Санитардык максатта туалет кагазы же нымдуу салфетка жана жип баштыктар;

- Жардам чакыруу үчүн ышкырык;

- Пластикалык шейшеп жана клеенка же баш калкалоо үчүн чатыр;

- Сууну, электрди же газды өчүрүү үчүн зарыл болгон шаймандар;

- Жергиликтүү карталар.

 

Тез жардам топтомуңузга төмөнкү кошумча нерселерди кошуп аласыз:

 

- Рецепт боюнча жана рецепттен тышкары дары-дармектер;

- Рецепт боюнча көз айнек же контакт линзалар;

- Накталай акча;

- Өздүгүңүздү тастыктоочу документтер, маанилүү документтердин көчүрмөлөрү;

- Бир жолу колдонулуучу кол каптар;

- Гигиена каражаттары;

- Курт-кумурскалардан коргоочу спрей;

- Көп жолу колдонулуучу идиш-аяк жана ашкана шаймандары;

- Керек болсо, китептер же оюнчуктар балдар үчүн;

- Жууркандар же уктоочу баштыктар;

- 1 сыйра кийим;

- Ширеңке;

- Өрт өчүргүч.

Бул жерде сиз үчүн эң керектүү нерселерди баяндап кеттим. Өлкөбүз кырсыктан тышкары болсун, ошентсе да, акыркы учурдагы жер титирөөлөр адамды ойлондурбай койбойт экен. Эгерде маалымат сиз үчүн пайдалуу болсо, башкалар менен бөлүшүп кетиңиз.

 


 


Колдонулган булактар:
  

1. National Institutes of Health (NIH). Disaster Preparedness Tips. Available at: https://ors.od.nih.gov/ser/dem/emergencyPrep/Pages/Disaster-Preparedness-Tips.aspx. [Accessed March 18, 2022].

2. Are You Ready? An In-Depth Guide to Citizen Preparedness. September 2020. Available at: https://www.ready.gov/sites/default/files/2021-11/are-you-ready-guide.pdf. [Accessed March 18, 2022].

3. Build A Kit. February 15, 2022. Available at: https://www.ready.gov/kit. [Accessed March 18, 2022].

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.

Read next

Preparing for natural disasters Кырсыктан үй-бүлөнү сактоо эрежелери
Read and ask a doctor in the MedLit app Open
MEDLIT

Your whole family's health in one app: medical records, lab results, food check and doctors online.

App Store Google Play

The app

  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Download

Company

  • About us
  • Health articles
  • WhatsApp

Legal

  • Terms of service
  • Privacy policy
  • Delete account
© 2026 Medical Educational Platform “Medlit” LLC, Bishkek Not for emergencies — call 103 (or your local emergency number).