Жаш балдар үчүн коопсуз жана эффективдүү антибиотик
Likes: 0
Reports:0
1011
Кээ бир учурда балага антибиотик берүүгө туура келип калат. Себеби балдар бактериялар менен да жабыркап калышат. Бирок бизде ата-энелер колдонуп жаткан көп антибиотиктер балдарга же таасир бербейт же такыр эле эффект жок болуп бактериялардын резситенттүүлүгү пайда болуп калган. Ошол себептүү мен сиздерге бул макалада жаш балдар үчүн да чоңдор үчүн да эң коопсуз жана өтө эффективдүү антибиотик тууралуу ушул маклада айтып бергим келди.
Клацид, макролиддер тобундагы эң коопсуз жана эффективдүү антибиотиктердин бири болуп эсептелет. Ал ар кандай бактериялык инфекцияларды дарылоодо колдонулат жана дарыгерлер тарабынан жаш балдар үчүн да сунушталат. Бул макалада кларитромициндин курамы, таасири, колдонуу эрежелери жана анын коопсуздугу тууралуу сөз кылам.
1. Кларитромицин деген эмне жана ал кантип иштейт?
Кларитромицин – бул макролиддер тобундагы антибиотик, ал бактериялардын белок түзүү процессин басаңдатып, алардын өсүүсүн токтотот же жок кылат. Ал грам-оң, грам-терс жана айрым атиптик бактер...