Цитрамон тууралуу чындык
Likes: 79
Reports:0
8435
"Цитрамон" - кээ бир Европа өлкөлөрүндө жана КМШ мамлекеттеринде кеңири колдонулган рецептсиз сунушталган популярдуу дары.
Бул дары өз курамына ацетилсалицил кислотасын (аспирин), парацетамолду (ацетаминофен) жана кофеинди камтыган комбинацияланган препарат.
"Цитрамон" көбүнчө жеңил жана орточо ооруну, баш ооруну жана ысытманы дарылоо үчүн эл арасында кеңири колдонулат. Бул макалада "цитрамон" кабыл алуудагы айрым эффектер, кемчиликтер жана терс таасирлери тууралуу айтып берем.
Бул дарынын эффективдүүлүгү кандай?
"Цитрамон" ооруну басаңдатууда жана температураны төмөндөтүүдө эффективдүү препараттардын катарына кирет. Ацетилсалицил кислотасынын, парацетамолдун жана кофеиндин айкалышы дарынын синергетикалык эффекттин курчутуп, "Цитрамондун" ооруну басуучу жана антипиретикалык касиеттерин күчөтөт (1).