“YamЕarth" органикалык чупа-чупстары
Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар!
Бүгүн сиздер менен “YamЕarth" органикалык чупа-чупстары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Анткени бул азыкты көпчүлүк органикалык зат катары кабыл алып, пайдалуу азык деп колдонуп жатышат.
Сиз бул азыкты колдоносузбу же таптакыр колдонбойсузбу пикир калтырып кетиңиз?
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
- органикалык камыш канты;
- органикалык күрөң күрүч сиропу;
- лимон кислотасы;
- аскорбин кислотасы;
- табигый даамдар;
- шире концентраттарынан боектор (сабиз, алма, карагат, чамгыр);
- куркума (боек):
" YamЕarth " органикалык чупа-чупстарынын ISO сертификаты барбы?
Бул азыкты өндүрүүчү YummyEarth, Inc. Фирмасынын ISO сертификаты жок.
ISO сертификаты- бул товардын эл аралык стандартка жооп бергендигин тастыктаган 1947- жылы 23- февралда негизделген International Organisation for Standardisation тарабынан берилген сертификат.
Бул сертификаты бар азыкты колдонуу сиз үчүн медициналык жактан канчалык бир деңгээлде коопсуз болуп эсептелинет.
Бул азык боюнча эксперттин пикири кандай?
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
1. Камыш канты:
Камыш шекеринин артыкчылыктары биринчи кезекте витаминге жана минералдык заттарга бай курамдан келип чыгат. Анда дээрлик бардык В тобундагы витаминдер жана алардын сиңишине өбөлгө түзүүчү заттар, кальций, магний, темир, цинк жана башка көптөгөн минералдар бар. Кант камышынын калориялуулугу дээрлик толугу менен ак кантка окшош. Бирок гликемиялык индекстин төмөндүгүнүн аркасында алынган бардык энергия кызылча канты сыяктуу майга айланбай, организмдин жашоосун колдоого жумшалат.
Калориясы жогору болгондуктан, диетологдор камыш кантын ашыкча колдонбоону сунушташат. Болбосо, ашыкча салмак, диабет же атеросклероз ооруларына кабылуу мүмкүн. Камыш кантынан гана пайда алуу үчүн, тазаланбаган продуктуну тандап, аны күнүнө 60 граммдан ашпаган өлчөмдө жеңиз.
2. Органикалык күрөң күрүч сиропу;
Күрүч сиропу-күрүчтөн алынган коюу, күрөң, жумшак даамдуу сироп. Тазалоодон кийин күрүч майдаланып, суу менен аралаштырылат жана жылытылат, суюлтулат, сахаризацияланат, чыпкаланат, агартылат жана иондоштурулат.Консистенциясы балга жакын; ал бир аз карамель даамына ээ жана бышырылганда кабык пайда болушу мүмкүн. Түсү саргыч-күрөң.
100 граммга калориялуулугу 311 ккал. Химиялык курамы; 45% мальтоза, 30% татаал углеводдор, 20% суу, 3-5% глюкоза.
Күрүч сиробунда глюкоза көп болгондуктан, бул азыкты ченеми менен ичүү керек. Сироптун органикалык вариантын гана сатып алуу сунушталат жана өзгөртүлгөн же инверттелген вариантын алуудан сак болуңуз. Бул продукцияны негизинен көбүрөөк вегетариандар колдонушат. Күрүч сиробунун адам организмине тийгизген таасири боюнча азырынча эч кандай изилдөө жүргүзүлө элек. Ошондой эле ГИ(гликемикалык индекси) өтө жогору, курамында азыктандыруучу заттардын жетишсиздиги, калориясынын жогорулугу жана мышьяктын болушу бул продукттун башка фруктоза таттуу заттарга караганда зыяндуу экенин көрсөтүп турат. Сиропту колдонуудан баш тарткан жакшы.
2.Азыктын негизин түзгөн кошулмалар:
1. Аскорбин кислотасы:
Аскорбин кислотасы - бул адам организминин алмаштырылгыс элементи болгон органикалык кошулма. Аны айрым жашылчалардын жана айрыкча жемиштердин азыктык курамынан табууга болот. Аскорбин кислотасынын дагы бир аталышы — С витамини. Аскорбин кислотасы талашсыз пайда алып келет: иммундук коргонууну чыңдоого, жоголгон күчтөрдү кайтарууга, зат алмашуу процесстерин нормалдаштырууга өбөлгө түзөт.
С витамини көп азыктардын катарына помидор, картошка жана лайм, апельсин жана лимон сыяктуу цитрус жемиштери кирет. Учурда С витамининин сунуш кылынган суткалык өлчөмү эркектер үчүн 90 мг/сутка, аялдар үчүн 75 мг/сутка. Рак же кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулары бар бейтаптар же тамеки чеккендер кадимки рационунда жогорку дозаларга муктаж. Аскорбин кислотасынын жетишсиздиги цинга оорусуна алып келет.
2. Табигый даамдар;
Табигый даамдар бул - табигый өсүмдүк же жаныбар продуктыларын кайра иштетүү жолу менен алынган жыпар жыттуу заттар. Мисалы, цитрус жытын апельсинден, лимондон жана мия жыты белгилүү жана сүйүктүү — мия тамырынын экстрактынан алынат. Табигый чийки затты кайра иштетүү процесси ар кандай болушу мүмкүн. Ысытуу жана буулантуу, экстракция, ачытуу ж.б., бирок натыйжада ар дайым табигый, табигый курамы бар даам пайда болот. Мындай табигый тамак-аш даамдары адамдын ден соолугуна эч кандай коркунуч келтирбейт жана ар кандай тамак-аш өндүрүшүндө колдонулушу мүмкүн.
Ал э