« СТРАШИЛКИ Мармеладный ГЛАЗ »
Урматтуу окурман, бүгүн сиз менен сөз кыла турган азыгыбыз балдардын көз жоосун алган, кызыктырган «Мармеладный глаз» аттуу мармелад тууралуу болмокчу. Сиз үчүн маалымат маанилүү болсо өз пикириңизди жазып, башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыз.
Бул азыктагы маалыматтарды даярдоодо жалаң гана далилденген булактар колдонулду, ошол себептүү бул макаланын жардамы менен сүйүктүү азыгыңыз тууралуу кенен маалымат аласыз.
Анда эмесе кеттик!
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
- сахар;
- кукурузный сироп;
- желатин(чочконун);
- модификацияланган крахмал;
- подсластитель- сорбит;
- кычкылдуулукту жөнгө салгыч- лимон кычкылы;
- ароматизаторлор: кара моюл, лимон, клубника;
- тазаланган кокос майы;
- боёктор: көк жаркыраган FCF (E 133), тартразин E102, кызыл сүйкүмдүү AC (Е129);
- глазирователь- воск карнаубский(Е 903).
ООО “Эврика” өндүрүүчүнүн ISO сертификаты барбы?
«Страшилки мармеладный глаз» мармелады СМ Энтерпрайзес Кытай Куанджоу өндүрүүчүнүн талабы боюнча ООО “Эврика” Россия өлкөсү тарабынан өндүрүлгөн. Бул компаниянын ISO сертификаты жок.
ISO сертификаты - бул товар эл аралык стандартка жооп бергендигин тастыктаган 1947-жылдын 23-февралында негизделген International Organization for Standardization, тарабынан берилген сертификат.
Кандайдыр бир продуктуну сатып алууда ISO сертификациясына көңүл буруу менен сиз сапаттуу жана коопсуз тамак-ашты колдонуп жатканыңызды камсыздайсыз.
Бул азык боюнча эксперттин пикири!
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
- кант
Кант – организмге туура өлчөмдө кирген учурда пайдалуу, ашыкчасы бир топ ооруулардын башаты болот. Шекерди күнүнө 30 граммдан ашыкча өлчөмдө колдонууда көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратат:
- көз карандуулукту;
- кант диабетин;
- семиздикти;
- кандагы липиддердин жогорулашын;
- гипертония;
- боордун стеатозун;
- жүрөк- кан тамыр ооруларын;
- терс метаболизмге;
- глюкозага толеранттуулуктун бузулушун.
Иштетилген кантты көп колдонуу ден соолукка зыяндуу. Мөмө жемиштерден алынган кант эң пайдалуу зыянсыз кант болуп эсептелет.
- кукурузный сироп;
Кукурузный сироп, мындайча айтканда жүгөрүдөн алынган сахар болуп эсептелет. Фруктозаны эң көп кармаган жүгөрүдөн жасалган сироп – ден соолук үчүн өтө чоң зыяндарды алып келет. Бул сиропту көпчүлүк учурда газдалган суусундуктарга, конфеттерге, тез даярдалуучу ботколорго, мюслилерге кошушат. Бул сироп фруктозаны көп кармагандыктан адамдын салмагын чоңойтуп, диабет менен жабыркоосун шарттайт.
Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында фруктоза кармаган суусундуктарды ичкен адамдардагы курсак майы көбөйүп, кандагы сахардын деңгээли да глюкоза колдонгондорго караганда көбүрөөк болгон. Демек фруктоза – курсак майын пайда кылат. Фруктозанын клеткадагы сезгенүү процессин жогорулатары аныкталган.
- ароматизатор;
Ароматизаторлор – булар азыктын даамын табигый азыкка окшоштуруу үчүн чыгарылган химиялык кошулмалар. Азыркы учурда тамак-аш өндүрүү жаатында өтө кеңири колдонулат. Мындай заттардын жардамы менен бүт нерсенин даамын иммитация кылууга мүмкүнчүлүк бар.
Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чычкандардын эритроциттеринин деңгээли азайып кеткен. Демек темир жетишсиздиги менен анемияны чакырат. Эң коркунучтуусу момпосуйлардагы ароматизаторлор кан клеткаларын бөлүп чыгаруучу чучук жилигин(костный мозг) талкалап ишин начарлатат. Жасалма даам берүүчү заттардын өпкө ооруларын пайда кылаары клиникалык изилдөөлөрдө далилденген.
- желатин (чочконун);
Желатин, түссүз же саргыч, жарым-жартылай гидролизденген коллаген протеин, тунук илешкек масса, жаныбарлардын тутумдаштыргыч тканын кайра иштетүү менен алынган продукт. Желатин эң маанилүү көп функционалдуу биополимерлердин бири жана тамак-аш азыктарынын, фармацевтиканын жана косметиканын негизги