«Советские» краб таякчасы
Ассаламу алейкум!
Сиздерге бул макалада конок тособуз дегенде эле аял заты көп колдонуп келген краб таякчасы жөнүндө болмокчу!
Курамында чын эле краб барбы же жокпу? Биздин ден соолук үчүн канчалык деңгелде зыяндуу экенин, деги эле краб таякчасы тууралуу кенен чындык менен таанышасыздар.
Краб таякчасын сүйүп жегендер болсо анда кунт койуп, шашпай окуп чыгыңыздар, сиз үчүн өтө маанилүү!
Маалыматтар далилденген булактардан алынып жазылды!
Өткөн кылымдын 1970-жылдарында Япониянын базарларында краб этинин кескин азайгандыгы байкалып, крабдын этинин баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу Япон ашпозчулары краб таякчаларын ойлоп табышкан.
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
-майдаланган балык сурим;
-суу;
-крахмал;
-буудай;
-жүгөрү крахмалы;
-кант;
-туз;
-даам бергич (краб, креветка, устрица экстракттары);
-татаал тамак-аш кошулмалары (каррагенан коюулоочу, натрий пирофосфат стабилизатору);
-тазартылган дезодорацияланган күн карама майы;
-даамды күчөтүүчү натрий глутаматы;
-боектор: кармин, паприка экстракты;
-титандын диоксиди;
-ичүүчү суу.
Бул азыктын ISO сертификаты барбы?
Вичунай Русь (VICI) өндүрүүчүлөрүнүн ISO сертификаты жок!
Бул азык боюнча эксперттин пикири кандай?
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
-сурими
-крахмал;
-даам бергич (краб, креветка, устрица экстракттары);
-татаал тамак-аш кошулмалары (каррагенан коюулоочу Е407, натрий пирофосфат стабилизатору);
-тазартылган дезодорацияланган күн карама майы;
-даамды күчөтүүчү натрий глутаматы;
-боектор: кармин, паприка экстракты;
-титандын диоксиди;
2.Азыктын негизин түзгөн кошулмалар:
-майдаланган балык сурим;
-суу;
-буудай;
-кант;
-туз.
Жыйынтык:
Сурими - океандагы ак балыктарынын майдаланган фаршы.
Сөздү биринчиден эле бул азыктын курамында эч кандай краб эти жок дегенден баштасак болот. Азыктын курамында канчалык химиялык кошулмалар көп болсо ошончолук адамдын ден соолугуна зыяны бар дегенди түшүндүрөт. Краб таякчасынын курамын окуп бүткөнчө тажап кетесиң.
Крабтын эти жок болгондугуна байланыштуу азыка керектүү даам берүү үчүн химиялык элементтер кошулгандыгы үчүн гана азыка керектуу даамды ала алышат.
Тамак аш кошулмалары өзүнүн чегинен ашык колдонулса ичеги карын сезгенүүсүн пайда кылып ашказанда жара пайда кылуусу мүмкүн.
- Бөйрөктө жана муундардын оорусуна алып келет, сөөктөрдөн жана тиштерден кальцийдин жок болуусуна, кальцийдин, фосфордун жана темирдин сиңүүсүнүн начарлашына, ошондой эле остеопороз;
- Ар кандай аллергиялык реакцияларды чакыруусу мүмкүн; кан басымдын жогорулашы; тамак сиңирүү органдарынын ишинин бузулушуна алып келет;
- Жүрөк кан тамыр ооруларын чакырат;