« Лимоника » алма даамы менен кычкыл сагызы
Салам урматтуу окурман, бүгүнкү сиз менен сөз кыла турган азыгыбыз жаш балдардын сүймөнчүлүгү болгон «Лимоника» алма даамы менен сагызы тууралуу болмокчу. Сиз бул макалада бул кычкыл сагызы тууралуу чындык менен таанышасыз.
Бул азыктагы маалыматтарды даярдоодо жалаң гана далилденген булактар колдонулду, ошол себептүү бул макаланын жардамы менен бул азык тууралуу кенен маалымат аласыз.
Анда эмесе кеттик!
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
- кум шекер;
- ийкемдүү негиз;
- глюкоза;
- глицерин моностеараты;
- лецитин;
- гуммиарабик;
- алма кычкылы;
- алма жыт бергичи (ароматизатор);
- боёктор – Е102, Е133;
- титан диоксиди.
Бул компаниянын ISO сертификаты барбы?
«Лимоника» алма даамы менен сагызы ЖШС «fresboom» тарабынан Казакстан Республикасында өндүрүлгөн. ЖШС “fresboom” өндүрүүчүнүн ISO сертификаты жок.
ISO сертификаты - бул товар эл аралык стандартка жооп бергендигин тастыктаган 1947-жылдын 23-февралында негизделген International Organization for Standardization, тарабынан берилген сертификат.
Кандайдыр бир продуктуну сатып алууда ISO сертификациясына көңүл буруу менен сиз сапаттуу жана коопсуз тамак-ашты колдонуп жатканыңызды камсыздайсыз.
Бул азык боюнча эксперттин пикири кандай?
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
1. Кант
Кантты күнүнө 30 граммдан ашыкча өлчөмдө колдонууда көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратат:
- көз карандуулукту;
- кант диабетин;
- семиздикти;
- кандагы липиддердин жогорулашын;
- гипертония;
- боордун стеатозун;
- жүрөк- кан тамыр ооруларын;
- терс метаболизмге;
- глюкозага толеранттуулуктун бузулушун.
2. Ароматизаторлор
Ароматизаторлор – булар азыктын даамын табигый азыкка окшоштуруу үчүн чыгарылган химиялык кошулмалар. Азыркы учурда тамак-аш өндүрүү жаатында өтө кеңири колдонулат. Мындай заттардын жардамы менен бүт нерсенин даамын иммитация кылууга мүмкүнчүлүк бар.
Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чычкандардын эритроциттеринин деңгээли азайып кеткен. Демек темир жетишсиздиги менен анемияны чакырат.
Эң коркунучтуусу момпосуйлардагы ароматизаторлор кан клеткаларын бөлүп чыгаруучу чучук жилигин(костный мозг) талкалап ишин начарлатат.
3. Боёктор E102, E133
Жасалма боёгучтардын ден соолукка тийгизген өтө кооптуу таасирлери клиникалык изилдөөлөрдө далилденген. Айрыкча адам ден соолугуна зыянын тийгизген боёгучтарга Е102(тартразин), Е133. Мындай боёгучтар адам ден соолугуна кийинки зыяндарды берүүсү далилденген.
1.Адамда аллергиялык реакцияларды пайда кылат, айрыкча жаш балдарда.
2.Балдардын гиперактивдүү болуп, кеч сүйлөөсүнө да таасир берээри далилденген.
3.Мындай боёгучтар рак оорусун чакыруусу мүмкүн. Айрыкча калкан безинин рак оорусун чакыруу ыктымалдуулугу жогору. Ошондуктан атайын балдар үчүн даярдалган сагыздарды, майда момпосуйларды алып берүүдөн сак болуңуз!
4. Титан диоксиди
Титан диоксиди фармацевтикада, косметикада, тиш жуучу пасталарда, кир жуучу каражаттарда, ал тургай тамак-аш өндүрүүдө, торттордун кремдерин агартуу үчүн да көбүрөөк колдонулууда.
Титан диоксиди - сезгенүүнү, өпкөнүн зыянын, фиброзду жана өпкө шишигин пайда кылышы мүмкүн жана адамдар үчүн канцерогендик болушу мүмкүн. Рак мутациялар менен байланышкан оору болгондуктан, титан диоксидинин ге