"Бурёшка" шоколад - сүт пастасы
Салам, урматтуу окурман!
Көпчүлүк чоңдор жана балдар сүйүп колдонгон "Бурёшка" шоколад- сүт пастасы тууралуу сөз кылабыз. Курамындагы кошулмалар жана алардын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу сиздерге баяндап беребиз.
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
-шекер;
-өсүмдүк майы;
-кургак көк сүт;
-кургак сүт сывороткасы;
-какао күкүмү;
-рожки дарагынын мөмөсүнүн күкүмү;
-эмульгатор (соя лецитини);
-жыт бергичтер;
-кычкылдуулукту жөнгө салгыч (Е300, Е307).
"Бурёшка" шоколад- сүт пастасынын ISO сертификаты барбы?
Бул азыкты ААК "Петерпак" өндүрөт. Бул компаниянын ISO сертификаты бар.
ISO сертификаты- бул товардын эл аралык стандартка жооп бергендигин тастыктаган 1947- жылы 23- февралда негизделген International Organisation for Standardisation тарабынан берилген сертификат.
Бул сертификаты бар азыкты колдонуу сиз үчүн медициналык жактан канчалык бир деңгээлде коопсуз болуп эсептелинет.
Бул азык боюнча эксперттин пикири кандай?
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
1.Шекер;
Шекерди ашыкча колдонуу ден соолукта көйгөйлөрдүн жаралышынын бирден - бир себептери. Алардын бири ичеги - карын системасына тийгизген терс таасири. Ал микробиотикалык тең салмактуулукту бузуп, патогендүү бактериялардын санын көбөйүшүнө, сезгенүү ооруларын күчөшүнө, иммундук системаны талкаланышына алып келет. Ал эми иммундук системанын өрчүшү ичеги менен түзмө- түз байланышта. Өзгөчө жаш өспүрүм балдардын иммундук системасы толук өрчүп бүтпөгөндүктөн организми сезимтал келет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлигинин эскертүүсү боюнча шекерди колдонуу күнүнө чоң адамдар үчүн 20- 30 г, балдар үчүн 5 г ашпоосу керек.
2.Өсүмдүк майы;
Пасталардын курамында көбүнчө тазартылган өсүмдүк майлары кошулат. Алардын баасы арзан жана сактоо мөөнөтү узак болгондуктан көп өндүрүүчүлөр колдонушат. Ал эми мындай майлар ден соолук үчүн кооптуу болгон транс майларын кармайт.
Изилдөөлөрдө транс майлары жүрөк - кан тамыр ооруларына, сезгенүү ооруларына, жаман холестериндин деңгээлин жогорулашына, гормондордун бузулушуна алып келгендиги далилденген.
3.Эмульгаторлор (соя лецитини);
Эмульгаторлор шоколад азыктарын өндүрүүдө кеңири колдонулган кошулма. Алар ичеги микробиотасына таасир этип, зат алмашуунун бузулушуна, ичегинин сезгенүү оорусуна, анын ичинде Крон жана жаралуу колит ооруларына алып келет. Тилекке каршы, шоколад азыктарын өндүрүүдө көп колдонулган соя лецитини көбүнчө ГМО чийки затын