« БИГ БАБОЛ » банан даамы менен сагызы
Салам урматтуу окурман, бүгүнкү сиз менен сөз кыла турган азыгыбыз жаш балдардын сүймөнчүгү болгон «БИГ БАБОЛ» банан даамы менен сагызы тууралуу болмокчу. Сиз бул макалада бул сагыз тууралуу чындык менен таанышасыз.
Бул азыктагы маалыматтарды даярдоодо жалаң гана далилденген булактар колдонулду, ошол себептүү бул макаланын жардамы менен бул азык тууралуу кенен маалымат аласыз.
Анда эмесе кеттик!
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
- кант;
- ийкемдүү негиз;
- глюкоза сиробу;
- ароматизатор;
- нымдуулукту сактоочу(глицерин);
- банан күкүмү;
- куркумин боёгу;
- эмульгатор (соя лецитини);
- антиокислитель (Е 321).
ЖЧК “Перфетти Ван Мелле” өндүрүүчүнүн ISO сертификаты барбы?
«Биг Бабол» банан даамы менен сагызы ЖЧК «Перфетти Ван Мелле» тарабынан Россияда өндүрүлгөн. Бул компаниянын ISO сертификаты жок.
ISO сертификаты - бул товар эл аралык стандартка жооп бергендигин тастыктаган 1947-жылдын 23-февралында негизделген International Organization for Standardization, тарабынан берилген сертификат.
Кандайдыр бир продуктуну сатып алууда ISO сертификациясына көңүл буруу менен сиз сапаттуу жана коопсуз тамак-ашты колдонуп жатканыңызды камсыздайсыз.
Бул азык боюнча эксперттин пикири!
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
- кант
Кантты күнүнө 30 граммдан ашыкча өлчөмдө колдонууда көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратат:
- көз карандуулукту;
- кант диабетин;
- семиздикти;
- кандагы липиддердин жогорулашын;
- гипертония;
- боордун стеатозун;
- жүрөк- кан тамыр ооруларын;
- терс метаболизмге;
- глюкозага толеранттуулуктун бузулушун.
- ароматизаторлор;
Ароматизаторлор – булар азыктын даамын табигый азыкка окшоштуруу үчүн чыгарылган химиялык кошулмалар. Азыркы учурда тамак-аш өндүрүү жаатында өтө кеңири колдонулат. Мындай заттардын жардамы менен бүт нерсенин даамын иммитация кылууга мүмкүнчүлүк бар.
Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чычкандардын эритроциттеринин деңгээли азайып кеткен. Демек темир жетишсиздиги менен анемияны чакырат. Эң коркунучтуусу момпосуйлардагы ароматизаторлор кан клеткаларын бөлүп чыгаруучу чучук жилигин(костный мозг) талкалап ишин начарлатат.
2.Азыктын негизин түзгөн кошулмалар:
- кант;
- ийкемдүү негиз;
- глюкоза сиробу;
- ароматизатор.
Жыйынтык: