« BEBETO Bears » жумшак мармелад
Салам урматтуу окурман, бүгүнкү сиз менен сөз кыла турган азыгыбыз жаш балдардын сүймөнчүгү болгон «BEBETO Bears» мармелад тууралуу болмокчу. Сиз бул макалада бул сагыз тууралуу чындык менен таанышасыз.
Бул азыктагы маалыматтарды даярдоодо жалаң гана далилденген булактар колдонулду, ошол себептүү бул макаланын жардамы менен бул азык тууралуу кенен маалымат аласыз.
Анда эмесе кеттик!
Курамында кандай химиялык кошулмалар бар?
- глюкоза сиробу;
- кум шекер;
- концентрацияланган алма ширеси (7%);
- желатин (уйдун);
- лимон кычкылы;
- пальма майы;
- ароматизаторлор;
- жалтыратуучу (карнауб мому, бал мому);
- боёктор: (сүйкүмдүү кызыл (Е 129), бриллиант көк (Е 133), тартразин (Е 102), күн батыш сары (Е 110)).
“ВЕВЕТО Вears” өндүрүүчүнүн ISO сертификаты барбы?
«BEBETO Bears» жумшак мармелад Kervan Gıda Sanayi ve Ticaret Anonim фирмасы тарабынан Турция мамлекетинде өндүрүлгөн. Бул компаниянын ISO сертификаты жок.
ISO сертификаты - бул товар эл аралык стандартка жооп бергендигин тастыктаган 1947-жылдын 23-февралында негизделген International Organization for Standardization, тарабынан берилген сертификат.
Кандайдыр бир продуктуну сатып алууда ISO сертификациясына көңүл буруу менен сиз сапаттуу жана коопсуз тамак-ашты колдонуп жатканыңызды камсыздайсыз.
Бул азык боюнча эксперттин пикири!
Бул пикир эки негиздин үстүндө жазылды:
1.Окурмандын организмине көбүрөөк зыян берген кошулмалар:
- кум шекер;
Кантты күнүнө 30 граммдан ашыкча өлчөмдө колдонууда көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратат:
- көз карандуулукту;
- кант диабетин;
- семиздикти;
- кандагы липиддердин жогорулашын;
- гипертония;
- боордун стеатозун;
- жүрөк- кан тамыр ооруларын;
- терс метаболизмге;
- глюкозага толеранттуулуктун бузулушун.
- ароматизаторлор;
Ароматизаторлор – булар азыктын даамын табигый азыкка окшоштуруу үчүн чыгарылган химиялык кошулмалар.
Азыркы учурда тамак-аш өндүрүү жаатында өтө кеңири колдонулат.Мындай заттардын жардамы менен бүт нерсенин даамын иммитация кылууга мүмкүнчүлүк бар.
Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чычкандардын эритроциттеринин деңгээли азайып кеткен. Демек темир жетишсиздиги менен анемияны чакырат.
Эң коркунучтуусу момпосуйлардагы ароматизаторлор кан клеткаларын бөлүп чыгаруучу чучук жилигин(костный мозг) талкалап ишин начарлатат.
- боёктор E 102, E 133, Е 129, Е 110
Жасалма боёгучтардын ден соолукка тийгизген өтө кооптуу таасирлери клиникалык изилдөөлөрдө далилденген. Айрыкча адам ден соолугуна зыянын тийгизген боёгучтарга Е102(тартразин), бриллиант көк Е133, сүйкүмдүү кызыл Е 129, күн батыш сары Е110 кирет. Мындай боёгучтар адам ден соолугуна кийинки зыяндарды берүүсү далилденген.
1.Адамда аллергиялык реакцияларды пайда кылат, айрыкча жаш б