MEDLIT
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
RUKGEN
Get the app
  • Home
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
РусскийКыргызчаEnglish
Get the app — free
MedLit›Articles

Ич катуу дагы оорубу?

MedLit medical team updated 30.08.2026 12 min read
Ич катуу дагы оорубу?

“Ич катуу дагы оорубу?” деши мүмкүн ичи катып көрбөгөн адам. Ооба окурман, ич катуу дагы оору жана анын кесепеттери жакшы эмес.

Бул макалада биз ич катуу менен байланыштуу бардык жагдайларды, тактап айтсам анын себептерин, белгилерин, алды алуу жолдорун, дарылоосу тууралуу кенен маалымат беребиз.

Макаланы ич катуу менен жабыркаган жакыныңызга жөнөтүп, батасын алыңыз!

Ич катуу 

Бул адамдагы жагымсыз же сейрек кездешүүчү ичеги кыймылдарын мүнөздөгөн абал. Көбүнчө адам жумасына 3 жолудан азыраак чоңго барганда жана заңы анча көп эмес, катуу болсо,  “ичим катыды” деп түшүнөт. Бирок, күнүнө да, жумасына да 3 жолу дефекация кылуу норма экенин айта кетпесем болбос. Бардыгы адамдын организминин өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. (1)

 

Рим IV критейрийлерине ылайык, акыркы 3 ай аралыгында бейтап төмөнкүдөй симптомдорду баштан кечирүүсү керек:

- Жумасына үчтөн аз күтүүсүз дефекация;

- Дефекациянын 25% учурунда ыйынуу;

- Дефекациянын 25% учурунда катуу же тоголоктошкон заң;

- Аракеттердин кеминде 25% учурунда аноректалдык тоскоолдукту же блокаданы сезүү;

- Дефекация аракетинин кеминде 25% учурунда толук эмес дефекация сезими;

- Дефекация үчүн 25% учурда кол менен жардам берүү.

Рим IV критерийлери дүүлүктүрүүчү ичеги синдромуна (IBS) ылайык келбөөсү керек жана ич алдырма дарыларды колдонбостон суюк, жеңил заң кылуу сейрек байкалуусу керек. [8]

 

Симптомдору:

Ич катуунун белгилерине төмөнкүлөр кирет:

- Жумасына үч жолудан аз чоңго баруу;

- Катуу, кургак же бүдүрчөлүү заң;

- Дефекация учурунда чыңалуу же ооруну сезүү;

- Заң толук чыкпагандай сезилет;

- Көтөн чучуктун бүтөлүп калганын сезүү;

- Дефекация үчүн манжаңызды колдонуу зарылчылыгы;

- Өнөкөт ич катуу – үч ай же андан көп убакыт бою бул симптомдордун эки же андан көп болушу. (2)

 

Качан дарыгерге кайрылуу керек?

Төмөнкү шарттардын биринде ич катуу болсо, дарыгерге кайрылуу керек:

- Симптомдор үч жумадан ашык созулса;

- Симптомдор күнүмдүк иштерди кыйындаткан учурда;

- Анустан кан агуу же даарат кагазында канды байкасаңыз;

- Кан аралаш заң же кара түстөгү заң;

- Заңдын адатташ тыш түсү же формасы;

- Токтобогон ич оору;

- Аракет кылбасаңыз да байкалаарлык арыктап баштасаңыз. (3)

 

Ич катуу эмнеден келип чыгат?

Ич катуунун көптөгөн себептери бар, анын ичинде жашоо образы, кабыл алынган дары-дармектер жана оорулар.

 

Жашоо образы

Жашоо образы менен байланышкан ич катуунун жалпы себептери төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Клетчатканы камтыган азыктарды жетишсиз керектөө;

- Сууну жетишсиз ичүү (суусуздануу);

- Кыймыл-аракеттин, көнүгүүлөрдүн жетишсиздиги;

- Күнүмдүк режимдеги өзгөрүүлөр, мисалы саякат, тамактануу убактысынын өзгөрүүсү же ар кандай убакта уктоо;

- Сүттү көп ичүү же сырды көп керектөө;

- Стресс;

- Организмдин девекация кылуу каалоосун тыюу.

 

Дары-дармектер

- Кодеин, оксикодон камтыган ооруну басаңдатуучу күчтүү препараттар;

- Стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дарылар;

- Антидепрессанттар, анын ичинде серотонинди кайра кабыл алуунун тандалма ингибиторлору;

- Кальций же алюминий камтыган антациддер;

- Темир камтыган препараттар;

- Антигистаминдер сыяктуу аллергияга каршы дарылар;

- Артериялык кан басымды төмөндөтүүчү айрым препараттар, анын ичинде кальций каналынын блокаторлору;

- Психиатриялык препараттар;

- Антиконвульсанттар;

- Жүрөк айланууга каршы дарылар.

 

Оорулар

Ич катууга алып келиши мүмкүн болгон көйгөйлөргө төмөнкүлөр кирет:

- Калкан безинин жетишсиз активдүүлүгү (гипотиреоз), диабет (уремия жана гиперкальциемия) сыяктуу эндокриндик оорулар;

- Колоректалдык рак;

- Кыжырданган ичеги синдрому;

- Дивертикулит;

- Татаал дефекация синдрому;

- Ичеги псевдо-өткөргүчтүк;

- Нейрологиялык оорулар, анын ичинде жүлүн жаракаттары, склероз, Паркинсон оорусу жана инсульт;

- Жалкоо ичеги синдрому. Бул сиздин жоон ичегиңиз начар жыйрылып, заңыңызды кармап турган абал;

- Ичегиден өткөрбөстүк;

- Тамак сиңирүү трактынын структуралык кемчиликтери (мисалы, фистула, жоон ичегинин атрезиясы, ичегилердин инвазиясы, инвагинация (перфорацияланбаган анус же малротация);

- Амилоидоз, волчанка жана склеродерма сыяктуу көп органдарды жабыркаткан оорулар;

- Кош бойлуулук. (4)

 

Ич катуунун алдын алуу

- Жашылчаларды, мөмө-жемиштерди, буурчактарды жана дан азыктарын камтыган клетчаткага бай тамактарды көбүрөөк жеңиз;

- Кайра иштетилген тамактар, сүт азыктары жана эт сыяктуу клетчатканы аз камтыган тамактарды азыраак жеңиз;

- Суюктукту көп ичиңиз;

- Активдүү болуңуз жана үзгүлтүксүз көнүгүү жасаңыз;

- Дефекацияга болгон каалоолорду тыйбаңыз;

- Тамактангандан кийин дефекацмя графигин түзүп алыңыз. (5)

 

Диагностикалоо

Дарыгер менен заң (же анын жоктугу) жөнүндө сүйлөшүү, балким, эң жагымдуу тема болбошу мүмкүн, бирок, дарыгериңиз сизге медициналык тарыхыңыз, ичеги кыймылдарыңыз, жашоо образыңыз ж.б. суроолорду берүүсүн билишиңиз керек.

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

Оорунун тарыхы

Бул суроолор төмөнкү варианттарды камтышы мүмкүн:

- Учурдагы жана мурунку ооруларыңыз/ден соолугуңуз кандай?

- Акыркы убакта арыктадыңызбы же салмак коштуңузбу?

- Буга чейин ичеги-карынга операция жасаткан белеңиз?

- Ич катуудан же бузулуулардан арылуу үчүн кандай дарыларды жана кошумчаларды ичесиз?

- Сиздин үй-бүлөңүздө ич катуу, тамак сиңирүү оорулары же жоон ичеги рагы менен ооруган адам барбы?

- Сиз колоноскопиядан өттүңүз беле?

 

Дефекация тарыхы

Бул суроолор төмөнкү варианттарды камтышы мүмкүн:

- Чоңго канча убакытта бир барасыз?

- Сиздин заңыңыздын көрүнүшү кандай?

- Заңыңызда кан же кызыл тилкелерди байкаган жоксузбу?

- Унитазда же даарат кагазында кан көргөн жоксузбу?

 

Жашоо образы, адаттар жана күнүмдүк иштер

- Күнүмдүк рационуңуз эмнеден турат?

- Сиз жашылча-жемиштерди канчалык көп жейсиз?

- Канча суу ичесиз?

- Сиздин машыгуу программаңыз кандай?

Дарыгер ошондой эле маанилүү болгон (температура, тамырдын кагышы, кан басымы) физикалык текшерүү жүргүзөт. Дарыгер ошондой эле ооруну, шишикти жана тыгыздыкты текшерүү үчүн курсакты пальпациялайт.

Доктор ректалдык текшерүү жүргүзүшү мүмкүн экенин унутпаңыз . Бул көтөн чучуктун ички бөлүгүн манжа менен текшерүү. Бул анустун көйгөйлөрүн (эгерде болсо) тез аныктоого мүмкүндүк берет.

 

Ич катуунун себептерин билүү үчүн кандай лабораториялык жана башка медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү керектелет?

Тесттер сиздин симптомдоруңузга, медициналык тарыхыңызга жана жалпы ден соолугуңузга, ошондой эле алардын болжолдуу себебине жараша өткөрүлөт. Көпчүлүк учурларда, диагноз коюу үчүн кошумча лабораториялык изилдөөлөр талап кылынбайт. Бирок, сиздин дарыгер симптомдоруңузга жараша кошумча чараларды көрүү боюнча чечим чыгаруусу мүмкүн.

Лабораториялык анализдер:

- кан жана заара анализдери гипотиреоздун, анемия жана диабеттин белгилерин аныктайт;

- заңдын үлгүсү инфекциянын, сезгенүүнүн жана рактын белгилерин ачыктайт.

 

Визуалдык изилдөөлөр:

- дарыгер компьютердик томографияга (КТ), магниттик-резонанстык томографияга (MRI) же ич катуунун башка көйгөйлөрүн аныктоо үчүн ичеги-карын трактынын төмөнкү бөлүктөрүн изилдөөгө жөнөтүүсү мүмкүн.

Колоноскопия:

- Дарыгер колоноскопия же ректороманоскопия процедурасын аткарат - эндоскоптун жардамы менен жоон ичегини ичинен текшерет. Бул процедуранын жүрүшүндө алар рак оорусуна же башка илдеттерге текшерүү үчүн кыртыштын кичинекей үлгүсүн (биопсия) алып, полиптерден тазалайт.

 

 Колоректалдык транзитти изилдөө:

Бул тесттер радиоактивдүү заттын кичинекей дозасын таблетка түрүндө тамактануу учурунда кабыл алууну камтыйт. Убакыттын өтүшү менен кабыл алынган заттын ичегилер аркылуу көз салууга мүмкүндүк жаралат.

Башка функционалдык ичеги тесттери. Дарыгер көтөн чучуктун жана көтөн чучуктун заңды канчалык жакшы кармап, бөлүп чыгарарын текшерүү үчүн тесттерди өткөрүшү мүмкүн. Бул тесттер рентген нурларынын белгилүү бир түрүн (дефекография) камтыйт. (6)

 

Ич катууга каршы каражаттар

Ич катууну, адатта, диета жана жашоо образын өзгөртүү менен жок кылуу мүмкүн, мисалы:

- Дарыгер башка себеп менен суюктукту чектөөнү сунуштабаса, күнүнө кошумча эки-төрт стакан суу ичиңиз;

- Айрыкча эртең менен жылуу суюктуктарды кабылдап көрүңүз;

- Рационуңузга жашылча-жемиштерди кошуңуз;

- Кара өрүк жана кебек боткосун кабыл алыңыз;

- Көбүрөөк көнүгүү жасаңыз. Денеңизди кыймылдатканыңызда ичеги булчуңдары да активдешет;

- Дефекация каалоосун тыйбаңыз, денеңизди уга билиңиз;

- Йогурт жана айран сыяктуу пробиотиктерди рационуңузга кошуңуз;

- Кайра иштетилген эттен, куурулган тамактардан жана ак нан, макарон жана картөшкө сыяктуу тазаланган углеводдордон алыс болуңуз. Бирок, майы аз этти кабылдай аласыз, мисалы, тоок этин;

- Тамак-аш күндөлүгүн жүргүзүп, ич катууга себеп болгон бардык тамактарды жазыңыз. Ажатканада отурганыңызды тууралаңыз. Бутуңузду көтөрүп, артка эңкейиңиз же ылдыйлап отурңуз, мына ошондо заңыңыз оңой чыгат;

- Ичегиңизди бошотууга аракет кылып жатканда телефонду же башка шаймандарды окубаңыз же колдонбоңуз;

- Алкоголдук ичимдиктерди жана кофеин бар суусундуктарды азыраак ичиңиз. (7)

 

Ич катуунун кесепеттери кандай?

Ич катуу заң сфинктердин булчуңдарын чыңалганда геморройду шартташы мүмкүн, ошондой эле аналдык жаракалар (арткы өтмөктүн айланасындагы теринин жарылышы) пайда болот. Бул ректалдык кан агууга алып келиши мүмкүн.

Кээде чыңалуу көтөн чучуктун түшүшүнө алып келет, анда ичеги былжыр челинин кичинкей көлөмү көтөн чучуктан чыгарылат. Ич катуу, ошондой эле көбүнчө балдарда жана улгайган адамдарда пайда болгон заң токтоп калышына алып келиши мүмкүн (застой). Мында катуу заң ичегилерди жана көтөн чучукту ушунчалык бекем кысып тургандыктан жоон ичегинин кадимки түртүүчү аракети ичегини чыгаруу үчүн жетишсиз болот. (9)

 

Ич катууну дарылоо:

Ич алдырма дарылар – жоон ичеги аркылуу заң чыгарууга жардам берет. Ар бир ич алдырма дары өз жолу менен иштейт. Сиз рецептсиз төмөнкүдөй дарылардын түрүн сатып алсаңыз болот.

- Клечатка кошулмалары. Клетчка кошулмалары заңда суюктукту кармап турууга жардам берет. Андан кийин заң жумшарып, андан арылуу оңой болот. Клечатка кошулмаларына псиллиумду, кальций поликарбофилди жана метилцеллюлозаны камтыган дарылат кирет.

- Осмотика. Осмотикалык ич алдырма дарылар ичегиге кирген суюктуктун көлөмүн көбөйтүп, жоон ичеги аркылуу заңдын жылышына жардам берет. Мисал катары айтсам, курамында магний гидроксиди, магний цитратын, лактулозаны жана полиэтиленгликолду камтыган препараттар кирет.

- Стимуляторлор. Стимуляторлор ичегилердин дубалдарын кичирейтип, дефекация калоосун пайда кылат. Аларга бисакодил жана сеннозиддерди камтыган дарылар кирет.

- Майлоочу материалдар. Минералдык май сыяктуу майлоочу майлар, заңдын жоон ичеги аркылуу оңой өтүшүнө мүмкүндүк берет.

- Заңды жумшарткычтар. Натрий докузатын жана докузатты камтыган дарылат.  

- Клизмалар жана свечалар. Клизманы баарыбыз билебиз, ал ичеги кыймылын жеңилдетүү үчүн көтөн чучуктун ичине кылдаттык менен киргизилген суюктук. Клизма башка дарылоо жардам бербегенде колдонулушу мүмкүн.

Буга кошумча, дарыгер сизге жамбаш булчуңдарын машыктыруу боюнча кеңеш берүүсү мүмкүн. Анда көтөн чучуктун булчуңдарын колдонууну координациялоону үйрөнө аласыз. Бул өнөкөт ич катууда пайдалуу болушу мүмкүн. (10)

 

Жыйынтык сөз

Ич алдырма дарылар жана клизмалар менен жакындан таанышууну каалабасаңыз, туура тамактанууну жана активдүү жашоо образын карманууну сунуштайм. Жогоруда айтканымдай, рационуңузга көбүрөөк жашылча-жемиштерди кошуп, суу жана пробиотиктерди кабыл алыңыз. Ошондой эле көбүрөөк кыймылдашыңыз керек, спорт менен машыгыңыз, эч болбоду дегенде жөө басууну адатка айлантыңыз.

Туура тамактанууга өтөм деген замандаштарга кесиптешим доктор Турабековдун “Дени сак жашоого кадам” курсуна жазылууну сунуштайм. Курстун программасында туура тамактануу, туура уктоо, туура ойлонуу, ошондой витаминдер жана олуттуу илдеттерди алдын алуу боюнча уникалдуу маалыматтар камтылган. Курска катталуу үчүн тиркеменин Курстар бөлүмүнө өтүңүз.


Колдонулган булактар:

1. Constipation. What is constipation. John Hopkins medicine 2024. https://www.hopkinsmedicine.org/health/conditions-and- diseases/constipation#:~:text=What%20is%20constipation%3F,than%20three%20times% 20a%20week.

2. Constipation. Symptoms. Mayo clinic 2023. https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/constipation/symptoms-causes/syc- 20354253

3. Constipation. When to see a doctor. Mayo clinic 2023. https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/constipation/symptoms-causes/syc- 20354253

4. Constipation. What causes constipation? Cleveland clinic 2024. https://my.clevelandclinic.org/health/diseases/4059-constipation

5.  Constipation. Prevention. Mayo clinic 2023.  https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/constipation/symptoms-causes/syc- 20354253

6. Constipation. Diagnosis and Tests. Cleveland clinic 2024. https://my.clevelandclinic.org/health/diseases/4059-constipation

7. Constipation. Constipation Remedies. WebMD 2023. https://www.webmd.com/digestive-disorders/ss/worst-foods-for-constipation

8. Constipation. Background. Medscape 2020. https://emedicine.medscape.com/article/184704-overview#a1

9. Constipation. What are complications of constipation? John Hopkins medicine 2024. https://www.hopkinsmedicine.org/health/conditions-and-diseases/constipation#:~:text=What%20is%20constipation%3F,than%20three%20times% 20a%20week.

10. Constipation. Treatment. Mayo clinic 2023. https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/constipation/diagnosis-treatment/drc-20354259

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.

MedLit medical teamWritten and checked by MedLit doctors, based on evidence-based medicine. About

Read next

Гастрит оорусунда диета кармоо аябай маанилүүбү? Адам эмнеге топурак жегиси келе берет? Стресске байланышкан гастрит Чоңдордогу ич өткөк Ашказан жарасынын белгиси - зарна. Чычырканак ашказанга чын эле пайдалуубу?
Read and ask a doctor in the MedLit app Open
MEDLIT

Your whole family's health in one app: medical records, lab results, food check and doctors online.

App Store Google Play

The app

  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Download

Company

  • About us
  • Health articles
  • WhatsApp

Legal

  • Terms of service
  • Privacy policy
  • Delete account
© 2026 Medical Educational Platform “Medlit” LLC, Bishkek Not for emergencies — call 103 (or your local emergency number).