Эмнеге турмуш курбагандардын саны көбөйүүдө?
Likes: 41
Reports:0
1868
Акыркы учурларда жашы 30-40ка жетип калса да турмуш куруудан коркуп жүргөн жаштардын саны абдан көбөйдү.
Көпчүлүгү бул нерсе алардын ден соолугуна зыян экенин биле беришпейт. Ошондуктан доктор катары бойдокторго өз сунушумду айтып коюуну туура көрдүм.
Алгач жылдан-жылга мындай абалдын өсүп баратканынын себептерин айта кетели:
1. Азыркы жаштарга ата-энелери "сен окушуң керек, эрте турмуш курууга болбойт, мен кайталаган катаны кайталаба" деп жүрөктөрүнө коркуу салып жатышат. Ата-эненин мындай кеңешин уккан бала турмуш курууга болгон каалоосун жоготот. Жыйынтыгында иштеш керек, окуш керек, үй куруу керек деп атып кантип 30-35 жашка келип калганын билбей калат.
2. Акыркы учурда кыздар турмушка тиешелүү кеңештерди турмушунда маселеси бар адамдардан алышууда. Өкүнүчтүүсү, "болочоктогу күйөө мындай болуш керек, тигиндей болуш керек, эгер анда мындай сапаттар жок болсо тийбеш керек, мунусуна кара, тигинисине кара" деп отуруп болочокто...