Эмчек безинин фиброаденомасы
Likes: 83
Reports:0
4612
Эмчек безинин фиброаденомасы
Мына ушул диагноз менен бүгүн бир катталуучум "Доктор менен бир ай" долбооруна катышсам болобу? Бул диагноздон арылуу мүмкүнбү? Бардыгы операция жасаш керек деп жатат, ал эми мен 1 жылдан бери коркуп, операция жасатпай жүрөм. Эмне кылышты билбей жатам?" деп кайрылыптыр.

Ооба, эмчек безинин рак оорусу менен жабыркагандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Мунун эң негизги себептеринин бири жашоодогу стресстер, жүрөк өйүткөн көйгөйлөр болууда. Жогоруда суроо менен кайрылган катталуучумдун оорусу дагы мына ошондой көйгөйлөрдөн улам пайда болгон.
Эмчек безинин фиброаденомсы деген кандай оору?
Негизи, бул абал андай деле кооптуу эмес, ал безден жана тутумдаштыргыч ткандан турган өсүндү.
...