Чач эмнеге түшөт?
Likes: 392
Reports:0
20724
Чач эмнеге түшөт?
Чач негизинен күнүнө 50-100 даана түшүп турат. Анын ордуна жаңылары чыгат. Бул биздин табият.
Бирок кээ бир учурда патологиялык процесс себептүү да чач көп түшүшү мүмкүн. Андай абалды төмөнкү факторлор аныктайт:
1. Салмак жоготууда;
2. Психологиялык стресс алганда;
3. Аллопеция аттуу аутоиммундуу ооруда;
4. Кээ бир дарылардын айынан;
5. Грибоктор себептүү;
6. Гормондордун иши бузулганда;
7. Темир жетишсиздигинде;
8. Цинк жетишсиздигинде;
9. Физикалык стресс алганда;
10. Фолликулалардын жабыркоосунун айынан чач түшөт.
Эгер төмөнкү белгилер байкалып жатса, дароо дарыгерге барыңыз:
1. Чач түшүү менен алсырап жатсаңыз;
2. Чач түшүү менен бирге бетиңизге безетки чыгып жатса;
3. Чач түшүү менен бирге үнүңүз ичке чыгып жатса, анда дароо дарыгерге кайрылуу керек.