Парацетамол
3781 рандомизацияланган контролдук клиникалык изилдөөдөн өткөн
136 мета-анализден өткөн
Тизмеде жок
Бул эмне дары?
Дүйнө жүзүндө эң көп колдонулган дарылардын бири, баш ооруну, анын ичинде мигренди, тиш ооруну, невралгияны, булчуңдардын жана ревматологиялык ооруларды, ошондой эле альигодисменореяны, жаракаттан, күйүктөн пайда болгон ооруну тез басаңдатуу үчүн, суук тийүү жана сасык тумоо учурунда дене табын төмөндөтүү үчүн колдонулат.
Дарынын оригиналы
Парацетамол
Далилденген медицина жана парацетамол
Парацетамол натыйжалуу дары болуп саналат. Анын натыйжалуулугу жогорку сапаттагы рандомизацияланган клиникалык сыноолордо жана мета-анализдерде далилденген. Бул изилдөөлөрдө дарылар эл аралык патенттик эмес аталыш менен изилденген.
Бейтап үчүн маанилүү эскертүү!
Сунушталган өлчөмдөрдөн ашыкча ичүү бардык адамдарда жана өнөкөт алкоголизм менен ооругандарда боордун олуттуу жабыркашынын коркунучун жогорулатат. Боордун жабыркашынын клиникалык белгилери (боордун жетишсиздиги, гепатит ж.б.), адатта, дары ичкенден кийин 2 күндөн кийин байкалат жана 4-6 күндөн кийин эң жогорку чекке жетиши мүмкүн. Ошондуктан парацетамол же парацетамол камтыган башка дарыларды бир убакта кабыл алуу сунушталбайт. Кайсы гана дары болбосун, ичерден мурун курамына кылдат көңүл буруу керек.
Дарынын кошумча курамына талдоо
Көп учурда парацетамол өзү гана колдонулат. Эгер сизге парацетамолдун курамында кошумча компоненти бар дары жазылган болсо, сөзсүз түрдө дарыгерден кеңеш алыңыз.
Бул дарыны ичүүдөн мурун эмнеге көңүл буруу керек?
Дарынын көрсөткүчүн карап, өлчөмүн туура өлчөп, сактоо мөөнөтүнө да кылдат көңүл буруу керек. Терс көрсөткүчтөрү жок болгон учурда гана ичүү сунушталат.
Бул дарыны кантип туура колдонуу керек?
Сунушталган өлчөмдөн ашыкча ичүү боордун олуттуу бузулушуна, ал тургай, өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Өлчөмдү аныктоодо бейтапта болгон гепатотоксиканын тобокелдик факторлору да эске алынышы керек. Дарынын өлчөмү бейтаптын дене салмагына жараша эсептелет жана колдонуунун саны - 4 жолу/күнүнө 4 сааттан кем эмес аралыкта ичүү кажет.
Бул дарыны ичпей унутуп калса эмне кылуу керек?
Парацетамол көрсөтмө болгон учурда гана ичилет жана дарылоонун узактыгын 3 күндөн ашыруу сунушталбайт. Эгерде дарыгердин кеңеши менен дарыны ичүүнү унутуп калган болсоңуз, дарылоо режимин бузбастан дароо улантуу кажет.
Дарынын терс таасирлери
Парацетамол териге олуттуу реакция бериши мүмкүн, мисалы, курч жалпыланган экзантематоздук пустулез, Стивенс Джонсон синдрому - өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон уулуу реакциянын белгилери.Эгер теринин биринчи реакциясын же гиперсезгичтиктин башка белгилерин байкасаңыз, дарыны кабыл алууну дароо токтотуңуз. Андан сырткары боор ферменттеринин көбөйүшү, операциядан кийинки кан агуу, баш оору, ич өтүү байкалышы мүмк