Ноофен
5 рандомизацияланган клиникалык изилдөөлөр жана мета-анализдер жүргүзүлгөн.
Мета-анализ жок
Тизмеде жок
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чоңдор үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине киргизген эмес.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаш балдар үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине киргизген эмес.
Таасир берүүчү заты: Phenibut
Кошумча заттар: лактоза (сүт шекери) - 181.4 мг, картошка крахмалы - 63.6 мг, кальций стеараты- 5 мг.
Бул эмне дары?
Ноотроптук зат гидрохлориддин гамма-амино-бета-фенилбутир кычкылы болуп эсептелет. Нерв импульстарынын борбордук нерв системасына GABA аркылуу өтүшүн жеңилдетет (GABA рецепторлоруна түздөн-түз таасир этет), ошондой эле аң-сезимди жөнгө салуучу жана антиоксиданттык таасирге ээ.
Дарынын оригиналы
Оригиналы фенибут деп аталат. Фенибут (гамма-амино-бета-фенилбутир кычкылы) 1960-жылдары Россияда анксиолиз үчүн жана когнитивдик күчөтүүчү катары иштелип чыккан. Россияда жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө медицинада колдонууга уруксат берилген. Бул дарыны АКШнын интернет дүкөндөрүнөн табууга болот.
Далилденген медицина жана ноофен
Фенибут тууралуу 300дөн ашуун макала чыккан. Бул макалалардын көбү орус тилинде жана мышык, чычкандарды изилдөөгө негизделген. Кайсы бир медициналык платформа бул тууралуу мындай жыйынтык чыгарган: "Фенибут адамдарда изилденген эмес, ошондуктан ал дары катары оң таасир бере алабы же жокпу, эч ким айта албайт”. Болгону балдарга байкоо жүргүзүү менен эле орус окумуштуулары изилдешкен.
Кийинчерээк ошол эле окумуштуулар тобу чоңдорго изилдөө жүргүзүп, фенибутту күнүнө 1000 мгдан тынчсыздануу, коркуу менен жабыркаган 62 чоң кишиге берип изилдеп көрүшкөн. Жыйынтыгында дарынын оң таасирин байкашкан жана