Линкомицин
Таасир берүүчү заты: Lincomycine
765 рандомизацияланган контролдук клиникалык изилдөөдөн өткөн
1 мета-анализ бар.
Тизмеде жок
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чоңдор үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине киргизген эмес.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдар үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине киргизген эмес.
Бул эмне дары?
Линкомицин — пенициллин антибиотиктерин колдоно албаган адамдарда оор бактериялык инфекцияларды дарылоо үчүн колдонулган антибиотик. Бул дары оор инфекцияда гана колдонулат. Сасык тумоо же грипптеги вирустук инфекцияны дарылабайт.
Дарынын оригиналы
Lincocin , Lincorex, L-Mycin, Bactramycin
Далилденген медицинадагы орду
Далилденген дары
Бейтап үчүн маанилүү эскертүү!
Бул дарыны өтө оор бактериялык инфекцияларда жана башка дарыларды колдонууга мүмкүн болбогон учурда гана колдонуу керек. Дарынын пайдасы жогору экенине ынануу үчүн дарыгериңиз менен кеңешиңиз.
Бул дарыны ичүүдөн мурун эмнеге көңүл буруу керек?
- Линкомицин боорго, бөйрөккө жана ашказанга чоң зыянын тийгизет.
- Колдонуудан мурун бул дарыга же клиндамицинге аллергияңыз барбы, жокпу, дарыгер менен чогуу аныктаңыз. Анткени дарынын курамында аллергиялык реакцияны чакыруучу кошулмалар бар (мисалы, бензил спирти).
- Дарыгер сизде кайсы оорулар бар экендигин, айрыкча бөйрөк, боор, ашказан, ичеги ооруларынын бар же жоктугун билиши керек.
- Дарынын таасирине тирүү бактериялык вакциналар (мисалы, ич келтеге каршы вакцина) тоскоолдук кылат. Ошондуктан линкомицин алып жатканыңызды дарыгерге айтыңыз.
- Операциядан мурун дарыгерге же тиш доктуруңузга сиз колдонгон бардык дарылар (анын ичинде рецепт боюнча жазылган дарылар, рецептсиз дарылар жана чөптөрдөн жасалган каражаттар) жөнүндө айтыңыз.
- Улгайган адамдарда бул дары ич өткөктү пайда кылат.
- Кош бойлуу кезде бул дарыны өтө зарыл болгондо гана колдонуу керек. Дарыгердин кеңеши менен гана.
- Бул дары эмчек сүтүнө да таасир этет. Андыктан эмизип жатканда колдонуудан этият болуңуз.
Бул дарыны кантип туура колдонуу керек?
Линкомицин, адатта, күнүнө 1-3 жолудан дарыгердин көрсөтмөсү боюнча тамырга же булчуңга сайылат. Өлчөмү бейтаптын абалынан жана дарылоого болгон реакциядан көз каранды. Балдарга салмагына жараша сунушталат. Эгер сиз бул дарыны үйдө колдонуп жатсаңыз, дарыгериңизден даярдоонун жана колдонуунун жолдорун үйрөнүңүз. Колдонуудан мурун дарынын көрүнүшү, түсү бузулган эмеспи, текшериңиз. Эгер өзгөрүү байкалса, дарыны колдонбоңуз. Медициналык буюмдарды кантип коопсуз сактоону жана жок кылууну үйрөнүңүз. Жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн антибиотикти аралыгын сактап колдонуңуз. Унутуп калбаш үчүн дарыны күн сайын бир убакта ичиңиз. Белгилери бир нече күндөн кийин жок болсо да белгиленген доза