Ингавирин
4 рандомизацияланган контролдук-клиникалык изилдөөдөн өткөн
Метаанализ жок
Тизмеде жок
чоңдор үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине кирген эмес
жаш балдар үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине кирген эмес
Таасир берүүчү заты: Pentanedioic Acid Imidazolyl Ethanamide
Кошумча заттар:
- моногидрат лактозасы, картошка крахмалы, коллоиддүү кремний диоксиди (аэросил), магний стеараты
- катуу желатин капсулалары - 30 мг
- 30 мг титан диоксиди Е 171
- кара бриллиант Е 151 боёгу
- патенттүү көк Е 131 боё
- Понсо 4R Е 124 боёгу
- азорубин Е 122 боёгу
- желатинди камтыйт;
-
90 мг титан диоксиди Е 171:
- Понсо 4R Е 124 боёгу
- азорубин Е 122 боёгу
- сары хинолин Е 104 боёгу
- желатинди камтыйт;
-
логотип үчүн сыя курамы:
- шеллак
- пропиленгликоль Е 1520
- титан диоксидин Е 171 камтыйт.
Бул эмне дары?
Вирустарга каршы
Көрсөтмөлөрү
7 жаштан 17 жашка чейинки балдарда жана чоңдордо сасык тумоонун А жана В түрүн жана башка курч респиратордук вирустук инфекцияларды (аденовирустук инфекция, парагрипп, респиратордук синцитиалдык инфекция, риновирус инфекциясы) дарылоодо колдонулат.
Дарынын оригиналы
ИМИДАЗОЛИЛ ЭТАНАМИД ПЕНТАНДИОВАЯ КИСЛОТА С10 -Н 15 -Н 3 -О 3
Далилденген медицина жана ингавирин
Далилденген эмес, бирок медицина тармагында колдонулуп келет.
Бейтап үчүн маанилүү эскертүү!
- Пиктограмма боюнча Н320 (33,3%) жутканда зыяндуу.
- Курч ууланууга алып келет.
- Н315 (33,3%) териде дүүлүгүүнү пайда кылат.
- Н317 (66,67%) теридеги аллергияны жаратат.
- Н319 (66,67%) көздү дүүлүктүрөт.
- Н334 (66,67%) аллергия же астманы пайда кылып, дем алууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Бул дарыны ичүүдөн мурун эмнеге көңүл буруу керек?
Аллергияны пайда кылгандыктан кош бойлуу жана жаш балдарга колдонууга тыюу салынган.
Бул дарыны кантип туура колдонуу керек?
- Тамактанууга чейин да, андан кийин да ичсе болот.
- Капсуланы аз өлчөмдө (50-70 мл) кайнатылган суу же бөлмө температурасындагы алма ширесине 20 секунд аралаштырып бүтүн бойдон ичиңиз.
- Шекер кошуп ичсе да бо