Актовегин
Рандомизацияланган контролдук клиникалык изилдөөдөн өткөн эмес.
Мета-анализ жок
Тизмеде жок
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чоңдор үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине киргизген эмес.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдар үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине киргизген эмес.
Таасир берүүчү заты: музоо канынын протеиндик гемодеривативи
Бул эмне дары?
Актовегин — музоолордун канынан алынган жогорку чыпкаланган экстракт. [1] Бул ткандарга глюкоза менен кычкылтектин сиңүүсүн жакшыртат.
Анын курамында метаболизмди жана ткандардын кан менен камсыз болушун жакшыртууга жардам берген биологиялык активдүү заттар бар.
Дарынын оригиналы: Актовегин, Солкосерил
Далилденген медицинадагы орду
Далилденген эмес
Бейтап үчүн маанилүү эскертүү!
Актовегин энцефалопатияга (Крейтцфельдт-Якоб оорусу) алып келүүчү инфекцияларды камтышы мүмкүн. Бирок өндүрүүчү дарыны өндүрүүдө инфекциялык ооруларды жуктурбоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн, ал эми Актовегин колдонулган өлкөлөрдө Крейтцфельдт оорусунун бир дагы учуру катталбаганын айтып келишет.
Бир нече эл аралык көрсөтмөлөр 3-4 жумага чейин эмизүүнү токтотууну же дары ичип жаткан учурда эмчек эмизүүнү толугу менен токтотууну сунуштайт.
Кошумча заттар:
Повидон - К 90-10.0 мг
Таблеткаларды жана гранулдарды жасоодо байланыштыруучу зат, суспензиялар үчүн эриткич жана стабилизатор катары колдонулат.
Микрокристаллдык целлюлоза - 135.0 мг
Бул зат таблетканы бышык, жылмакай, туруктуу, бир тектүү кылат. Алар жакшы эрийт жана организмге тезирээк сиңет.
Бул дарыны колдонуудан мурда эмне кылуу керек?
Дарыгер менен кеңешип, колдонуу көрсөтмөсүн толук окуп чыгуу керек.
Дарыны туура колдонуу
Клиникалык белгисинин оордугуна жараша баштапкы дозасы күнүнө 10-20 мл тамырга же артерия ичине; андан кийин 5 мл венага же 5 мл булчуңга сунушталат.
Булчуңга 5 млден ашык эмес жай кабыл алуу керек. Анафилактикалык реакциянын ыктымалдыгына байланыштуу тесттик инъекция (2 мл) сунушталат.
Бул дарыны ичпей унутуп калса эмне кылуу керек?
Эч нерсе болбойт. Кийинки күнү улантып кете берсе болот.
Терс таасирлери
Көбүнчө оң таасир берет, бирок аллергиялык реакциялар да пайда болушу мүмкүн. Колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү маанилүү. Эң кеңири таралган терс таасирлерге гипертермия (анафилактикалык шокко чейин), теринин гиперемиясы, исиркектер кирет.
Бул дары тууралуу эң көп берилген суроолор
1. Актовегин кандай таасир этет?
- Актовегин зат алмашууну жөнгө салат жана клеткалардагы энергия алмашууну жакшыртат. Ошондой эле микроцирку