Азыркы учурда вакцина темасында өтө көп талаш маселелер жаралууда. Кээ бирин вакцина сайдырсаң оорукчан болосуң десе, кээ бири вакцина сайдырбай жүрсөң оорукчан болосуң деп көп ата - энелерди уйгу туйгу ойго салууда.
Ошол себептүү ушул вакциналар темасында катталуучуларыма бир аз да болсо жеңилдик тартуулоо үчүн ушул китепти жазып отурам. Бул китептин максаты элибизди дүйнө жүзүндөгү эң оригинал деп эсептелген, курамында адьювант, консервант ж.б. бала үчүн коопту заттарды камтыбаган эң популярдуу вакциналар менен тааныштыруу.
Балким бул китептен соң элибиздин сапаттуу вакциналарга талабы жогорулап, өлкөбүзгө жалаң гана оригиналдуу вакциналар келип калат деген ойдомун.
Китепти окуп вакциналарды билип алыңыз!