

Безетки - дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга таасир эткен эң кеңири таралган тери ооруларынын бири.
Бул китеп безетки оорусуна тиешелүү т жалаң гана далилденген медицинанын негизинде даярдалып, безеткиден кутулууга жардам берген уникалдуу кеңештерди камтыйт.
Китепте териге кантип туура кам көрүү керектиги, безеткиге кандай азыктар жана витаминдер жардам берери, ошондой эле безеткилерди дарылоонун кандай жолдору бар жана эң ылайыктуу дарылоону кантип тандоо керектиги тууралуу дүйнө жүзүндөгү эң акыркы жана далилденген маалыматтар камтылган.
Китеп жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жазылгандыктан, окурмандардын кеңири чөйрөсүнө колдонууга болот. Мен бул китепте бардык керектүү маалыматтарды мүмкүн болушунча кыска жана так берүүгө аракет кылдым, ошондуктан ар бир окурман кеңештерди оңой өздөштүрүп, жашоосунда колдоно алат.
Бул китепти окуп безетки деген балээден кутулуңуз!
Сизге ден соолук жана сулуулук каалап, мен Бекжан Турабеков!