Темир жетишсиздиги анемиясы менен кимдер көп ооруйт?
Likes: 0
Reports:0
1730
Анемия десе көпчүлүк аз кандуулукту түшүнөт. Медицинада аз кандуулуктун бир нече түрү бар. Алардын бири темир жетишсиздиги анемиясы - анемиянын кеңири таралган түрү. Темирдин организмдеги кызматы, маанилүүлүгү, анын жетишсиздигинен пайда болгон анемия, кимдер көп жабыркашы тууралуу маалымат менен таанышып алыңыз.
Темир жетишсиздиги анемиясы кандын курамындагы эритроциттердин жетишсиздигинен пайда болот. Эритроциттердин (кызыл кан клеткаларынын) кызматы - организмдеги ткандарга кычкылтекти ташуу.
Эгер организмде темир жетишсиз болсо, организмиңиз кызыл кан клеткаларындагы кычкылтекти (гемоглобин) ташууга мүмкүндүк берген жетиштүү заттарды өндүрө албай калат. Натыйжада темир жетишсиздиги анемиясы пайда болуп, чарчоо жана демдин кысылышы келип чыгат. [1]